Шайлоого катышкандардын саны БШКнын эки сайтында эки башка сан менен көрсөтүлгөндүгү чын (Фактчекинг) 

Бүгүн, 28-ноябрда Фейсбук колдонуучусу Атай Бейшенбеков “Эмне үчүн БШКнын шайлоочулардын катышуусу боюнча маалыматы эки башка чыгып атат? Мисалы, сайтында 880 832 болсо, БШКнын маалымат-жыйынында 602 432 деген чыгып атат”, — деген билдирүү калтырган

Шайлоого катышкандардын саны БШКнын эки сайтында эки башка сан менен көрсөтүлгөндүгү чын (Фактчекинг) 
Шайлоого катышкандардын саны БШКнын эки сайтында эки башка сан менен көрсөтүлгөндүгү чын (Фактчекинг) 

ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Алгач, БШКнын https://newess.shailoo.gov.kg аталышындагы сайтына кирип, саат 14:00го карата шайлоочулардын саны 602 432 болгонуна күбө болдук. 

Шайлоого катышкандардын саны БШКнын эки сайтында эки башка сан менен көрсөтүлгөндүгү чын (Фактчекинг) 

Ошондой эле, БШКнын дагы башка http://ess.shailoo.gov.kg аталышындагы шайлоо маалыматтык системасы бар экендигине күбө болдук. Ал сайта 14:00га карата шайлоого катышкан жарандардын саны 880 832ни түзгөн. 

Шайлоого катышкандардын саны БШКнын эки сайтында эки башка сан менен көрсөтүлгөндүгү чын (Фактчекинг) 

Мындан улам, биз БШКнын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаевга байланыштык. 

Бирок, Аскар Акимбаев маалыматты тактабай туруп комментарий берүүдөн баш тартып, аталган маалыматтардын шилтемесин жиберип коюну өтүнүп, андан соң комментарий берерин билдирген. 

Биз байланышкан соң бир саатка жетпей http://ess.shailoo.gov.kg сайты иштебей калды. 

Шайлоого катышкандардын саны БШКнын эки сайтында эки башка сан менен көрсөтүлгөндүгү чын (Фактчекинг) 

Эмне үчүн мындай жагдай жаралгандыгын билүү максатында, БШКнын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаевге кайрадан телефон чалып, байланыша албадык. 

Ал эми БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов, сайттар тууралуу маалыматты Аскар Акимбаев гана билерин билдирди. 

“Эмне үчүн андай болуп атканын мен билбейм. БШКнын программалык-техникалык камсыздоо жана маалыматтардын коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Аскар Акимбаевге кайрылгыла”, — дейт ал. 

Жыйынтык: Шайлоого катышкан шайлоочулардын саны БШКнын эки сайтында эки башка цифра менен көрсөтүлгөндүгү чын.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты