Шайлоо-2022: Таш-Көмүр шаарында «Жаштар» партиясы көпчүлүк добушка ээ болду

  • 2 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Таш-Көмүр шаардык кеңешине шайлоодо добуш берүүчүлөрдүн 30,95% (7703 адам) катышты. Үч партия ат салышты.

Алдын ала жыйынтык боюнча, “Жаштар” партиясы 45,35%, “Ата-Журт-Кыргызстан” 38,50% жана “Ынтымак” партиясы 14,62% добуш топтоду. Баарына каршылар 1% жакын болду.

Жекшембиде Таш-Көмүр шаарынан тышкары, Токтогул, Кара-Балта шаардык, ошондой эле Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарындагы 13 айылдык кеңешине шайлоо өттү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты