Шайлоо-2021: Кайра эле добуш сатып алуулар болуп жатканы чын

Жарандык активист Атай Бейшенбеков, өзүнүн Фейсбук баракчасына “Кара-Сууда подкуп менен бир партиянын өкүлүн кармашыптыр, ачыктагыла ким экен! 100 000 сом” деген билдирүү калтырган. 

Шайлоо-2021: Кайра эле добуш сатып алуулар болуп жатканы чын

Ошондой эле, ал “Кара-Сууда подкуп менен кармалган Социал Демократтардын талапкери Абдуллажанов Султанбектин штабы экени кабарланууда” деп жазып чыккан. 

Шайлоо-2021: Кайра эле добуш сатып алуулар болуп жатканы чын

“Баягы эле баягы, койчумандын таягы”

Ал эми профессор Каныбек Осмоналиев Фейсбук баракчасына “Бүгүн деле акча тараткандар кармалып жатат! Демек бул чакырылыш деле оңбойт окшойт! Аттиң кандай гана мүмкүнчүлүктөр өлдү” деп жазган. 

Бул билдирүүнүн астына Фейсбук колдонуучулары “Бийлик таза шайлоого кызыктар эмес. Баягы эле баягы, койчумандын таягы”, “Өлүп-талып акча алып жатышса, кайдагы таза шайлоо. Жакшы мүмкүнчүлүк берсе да колдоно албай чирип жатабыз”, “Акчаны таратуунун жолун таап жатышат. Мбанк,мобайл банк аркылуу… Айласы кеткендер дүкөндөр менен сүйлөшүп алып продукты берип жатышат”, — деген тариздеги комментарийлерди калтырышкан. 

Шайлоо-2021: Кайра эле добуш сатып алуулар болуп жатканы чын

ЖКнын депутаттыгына талапкер Мавлян Аскарбеков Фейсбук баракчасына “Акчага сатып алгандар, телефон аркылуу отчетун алып жатышат. Бишкек, биринчи май. Калыс Ордо. Эртеден бери ушундай. ТИК, ОИК, БШК иштейсиздерби?” деген пикир менен бирге видео жарыялаган. Видеодон урнанын алдында турган аял бюллетенди телефонунун камерасына сүрөткө тартууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот. 

Шайлоо-2021: Кайра эле добуш сатып алуулар болуп жатканы чын

“ПолитКлиника” медиасы шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүп жатат. Эгерде сиз мыйзам бузууну байкасаңыз биздин WhatsApp: +996 227761201 жана Telegram +996 704761201 номерлерине жөнөтсөңүз болот. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты