Шайлоо-2021: Алдын ала жыйынтыктар чыгып жатат
- 3 года мурун
Бүгүн, 28-ноябрь саат 20:00дө Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Учурда автоматтык эсептөө урнасы добуштарды эсептеп жатат.
Саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түштү. Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси бар.
Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өттү:
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 29,03%
- «Ишеним» — 24,09%
- «Ынтымак» — 20,69%
- «Альянс» — 14,47%
- «Бүтүн Кыргызстан» — 11,15%
- «Ыйман Нуру» — 10,19%
- «Эл Үмүтү» — 8,90%
- «Азаттык» — 7,90%
- «Социал-демократтар» — 6,32%
- «Ата Мекен» — 6,45%
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо 21 партия жана бир мандаттуу шайлоо округунан 282 талапкер ат салышты.
Муну бөлүшүү