Шаардык сот Адахан Мадумаров боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутат Адахан Мадумаровго Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

8-майда, Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилген.

26-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров камактан бошотулду.

26-мартта Биринчи Май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес жана чечим мыйзамдуу күчүнө киргичекти абакта калган. 

Адахан Мадумаровду былтыр 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен. Адахан Мадумаровго Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлгандыгы маалымдалган. Мадумаровго «алдамчылык» беренеси боюнча дагы айып коюлган. Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлү

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты