Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору алмашты

  • 5 месяцев мурун

Данияр Бапышов КРнын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Бүгүн, 21-январда министр Нурдан Орунтаев жаңы директорду эмгек жамаатына тааныштырды. Данияр Бапышов архитектор жана информатик адистигине ээ. Ал 2007-жылдан бери архитектура тармагында иштеп келет жана буга чейин департамент директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Белгилей кетсек, аталган кызматты буга чейин Замира Кангельдиева аркалап, арызынын негизинде кызматтан бошотулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты