Шүкүров көчөсүндөгү депутат Элмурза Сатыбалдиевге таандык үйдүн дарбазасы сүрдүрүлдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкектеги Шүкүров көчөсүндө «кызыл тилкеден» ашырылып курулган бир нече дубал-дарбаза, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиевге таандык делген үйдүн дарбазасы атайын курулуш техникасы менен сүрдүрүлдү. Бул тууралуу «Азаттык» радиосу жазды.

Маалыматка караганда, депутаттын дарбазасы шаарга таандык муниципалдык жерге 2,5 метрге чейин ашырылып курулганы аныкталган.

Дарбазаны буздуруп жаткан жумушчулардын башында шаардын вице-мэри Нурдан Орунтаев болду.

Шүкүров көчөсүндө “кызыл тилкеден” ашырып куруп алган 71 үйдүн 31инин ээси мэриянын талабын аткарганы, калгандары нааразы болуп жатышканы, арасында Сатыбалдиевге таандык да үй бар экени айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты