«Сезим» кризистик борборунун жетекчиси алмашты

  • 2 месяца мурун

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Сезим” кризистик борборунун аткаруучу директору болуп шайланды.   

Бул тууралуу “Сезим” кризистик борбору кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, үч баскычтуу ачык сынактын жыйынтыгы менен уюмдун мүчөлөрүнүн жалпы жыйынында жаңы аткаруучу директор болуп Атыр Абдрахматова шайланды.
Кыргыз коомчулугуна тажрыйбалуу юрист, кесипкөй жетекчи, адилеттиктен тайбаган укук коргоочу катары таанымал Атыр Абдрахматова “Сезим” кризистик борборун жетектеп, 2024-жылга бекитилген өнүгүү стратегиясын ишке ашырат.

26 жылдан бери аялдарга жана үй-бүлөлөргө акысыз укуктук, психологиялык жана социалдык жардам көрсөтүп келаткан уюмду буга чейин белгилүү укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова жетектеп келген.

Өлкөбүздө адам укугунун сакталышына, аялдарга жана балдарга карата зомбулукту ооздуктоого албан эмгеги сиңген Бүбүсара Рыскулова “Сезим” борборунун ардактуу президенти, коомдук коргоочу катары гендерлик теңчилик, адилеттүүлүк, аялдар менен жаш балдардын коопсуз жашоо чөйрөсүн бекемдөөгө багытталган иштерин улантат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты