Сентябрга чейин кыймылсыз мүлк салыгын төлөө керек
- 1 год мурун
Кыймылсыз мүлк салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертти.
Жарандар салык кызматынын сайтынан өздөрүнүн электрондук кабинеттерин текшерип, эсептелген сумма менен таанышып, 1-сентябрга чейин салыктарды төлөшү керек:
Кайсы салыктар?
– турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган);
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
2025-жылы төлөнө турган салыктын суммасы жөнүндө маалымат салык төлөөчүнүн кабинетине жиберилди. Салыкты төлөө төлөм кодун же QR-кодун түзүү жолу менен жүргүзүлөт.
Салык өз убагында төлөнбөсө, ар бир кечиктирилген күн үчүн 0,09% өлчөмүндө айып салынат.
2025-жылдын январь-август айларында турак жайлардан же имараттардан түшкөн салыктын суммасы 19,4 млн сомду түздү.
Ал эми үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторунан 12,5 млн сом салык түшкөн.




