Сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд башталат
- 2 года мурун
Салык кызматы сентябрда транспорт, турак жай жана жер участогуна салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейд баштайт. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Мыйзамга ылайык, белгиленген мөөнөттө салык төлөөгө үлгүрбөй калган транспорт, турак жай жана үй жанындагы жер участогунун ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары административдик айып төлөөгө, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туум төлөөгө аргасыз болушат.
Эскерте кетсек, 1-сентябрга чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:
– транспорт каражатына салык,
– турак жай имаратына (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган, үй, батир) салык,
– үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.
Салык төлөгөнгө чейин маалыматтык эсепти электрондук түрдө Salyk.kg «жеке кабинети» аркылуу же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшыруу зарыл.