Семетей Аманбеков: «Ыдырыс Исаковго кол салуу боюнча бир дагы бийлик өкүлү колдоо көрсөткөн жок»

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарында «Кыргызстандын сөз эркиндиги жана адам укуктары: мыйзам демилгелеринин коркунучтары» деп аталган жыйын өтүүдө. Ага эл аралык уюмдар, жарандык коом, депутаттар, журналисттер катышып жатат.

Анда журналист Семетей Аманбеков көз карандысыз медиаларга, коммерциялык эмес уюмдарга, жарандык коомго тарыхта болбогон кысымдын бир толкуну каптаганын айтты.

«Бир катар журналисттерге, жарандык активисттерге, укук коргоочуларга кылмыш иши козголуп, кесиптешибиз мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып кетти. «ПолитКлиника» жана «Кактус медиа» маалымат каражаттарына миллион сомдон ашуун каражатты түзгөн доо арыз берилди.

Социалдык тармакта атайын түзүлгөн жасалма фейк фабрикалар көз карандысыз журналисттерди, укук коргоочуларды, активисттерди талап, жалган жалаа жаап жатышат. Көз карандысыз медиалардын, жарандык активисттердин ишмердүүлүгүнө каршы ар түрдүү акциялар уюштурулуп, ачык коркутуулар айтылууда. «Азаттыктын» кеңсесин өрттөш керек» деген коркутууларды айтып жатышат. Тилекке каршы ошол коркуткан бир дагы жаран жоопкерчиликке тартылган жок. Кечээ күнү Ыдырыс Исаковго кол салуу болду. Бир дагы бийлик өкүлү чыгып, ачык колдоосун көрсөткөнүн көргөн жокпуз», — дейт Аманбеков.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты