Селден улам жарыксыз калган 5100 абонентке жарык берилди

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 15-июлда, саат- 8:28ге карата маалымат боюнча 5100 абонентке жарык берилди.

14-июлда Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргөн катуу селдин кесепетинен Ош электр тармактары ишканасынын Кара-Суу РЭТи тейлеген 7500 керектөөчү жарыксыз калган.

Бул аймактан 8 даана электр тирөөчтү сел агызып кеткен.

Кара-Суу районунда жайгашкан 110/10 кВ Беш-Мойнок көмөк чордонуна сел киргендиктен, Фуркат, Подсобный, Ачы, Коровник фидерлери чыңалуусуз калган.

Фидерлерге Ош-6 көмөк чордонунан чыңалуу берилип, натыйжада 5100 абонентке жарык берилди. Калган 2400 абонентке электр энергиясын берүү аракеттери көрүлүүдө.

Ош шаардык мэриясы 14-июлдагы селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.

Ош шаарында 14-июлда жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Бөрүбай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.

Сүрөт: Энергетика министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты