Селден улам Ош шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды  

Ош шаардык мэриясы 14-июлдагы селден улам өзгөчө кырдаал режими жарыяланганын билдирди.

“Ош шаарынын мэри, жарандык коргонуунун башчысы Бакытбек Жетигенов тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен жеринде көчмө жыйын өтүп, борбордук базарды толук кыдырып чыкты. Базардын аймагын иретке келтирүү боюнча тиешелүү мекемелер иштеп жатат. Мэр сел жүргөн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө да барды” деп жазылган маалыматта.

Ош шаарында бүгүн, 14-июлда, саат 14:00 чамасында жааган жаанга байланыштуу Төлөйкөн айылында жана Озгур айылынын Борубай-Ата эс алуучу жайында жана борбордук базарда сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруу кызматынын куткаруучулары эс алуучуларды эвакуциялоо иштерин жүргүзүүдө. 420 адам эвакуацияланды.

Бүгүн, 14-июль күнү саат 14:30 чамаларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Кара-Суу районунун Мады айылдык аймагынын Кыргыз-Чек жана Асан-Чек айылдарынын жогорку жагындагы адырлардан топтолгон сел №21 жол тейлөө мекемесине таандык Ош – Гүлчө – Эркечтам авто унаа жолунун 51-чакырымынан 9-чакырыма чейинки авто унаа жолдоруна кум-шагыл толтуруп, жол каттамы убактылуу жабылган.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты