Селден улам Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу жабык турат

  • 2 года мурун

4-май саат 21:30 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел жүрүп, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 57-чакырымын каптаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учурда жол каттамы токтогонун кабарлады. Маалыматка караганда, Кара-Кулжа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу барып, тактоо жана тазалоо иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты