Сел катталган Чоң-Алайда ыкчам топ тартылды
- 8 месяцев мурун
Сел катталган Чоң-Алайда ыкчам топ тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн аат 16:00 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулары Чоң-Алай айыл аймагынын Кызыл-Эшме айылында көчөлөрдү каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине маалыматты тактоо иштерин жүргүзүүгө Чоң-Алай райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ тартылды. Кошумча маалымат берилет.
Муну бөлүшүү