Сел агызып кеткен бешинчи кишинин сөөгү Анжиян шаарындагы сайдан табылды  

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 16-июлда, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аялдын сөөгү Өзбекстан куткаруучулары тарабынан Андижан шаарындагы сайдан табылды.

Бул тууралуу КР өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Белгилей кетсек, издөө ишин жүргүзүү боюнча Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кайрылуусунун негизинде Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүшкөн.

Маалым болгондой изделип жаткан жаран 14-июль күнү, Ош шаарындагы Борбордук базардан сел агызып кеткендиги тууралуу кабарланып, издөөгө алынган.

Маалым болгондой жалпы 5 адам изделип, анын 4ү табылган. 1985-жылы туулган Б.А. аттуу аял кишини изделип жаткан.

Куткаруучулар 10 топко бөлүнүп, Ош шаарынын борбордук базарынан баштап, Ак-Буура дарыясынын Өзбекстанга чейинки аралыгында издөө ишин жүргүзүшөт.

14-июлда түштөн кийинки нөшөрдөн улам Ак-Буура дарыясы ташып, борбордук базарды жана анын жака-белин, Төлөйкөн айылын суу каптаган. Бир келинди үч кызы менен, дагы бир аялды сел агызып кеткени кабарланган. Дагы бир аял изделип жатат.

15-июлда Ош шаарынын Катта-Терек участкасына жакын жерден ӨКМ куткаруучулары тарабынан аял кишинин сөөгү табылган. Андан мурдараак 6 жашар кыздын сөөгү табылган. 15-июлда Өзбекстандын Анжиян  шаарынын Шахронсой сайынан болжол менен 2005-ж.т. Н.М. жана 2014-ж.т. Н.М. аттуу кыздардын сөөгү табылган.

Ош облусунда жана шаарда жүздөгөн үйдүн короосуна суу кирип, бир нече автоунаа агып кеткен. Шаарга өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Расмий маалыматка ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел болуп, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты