“Сексуалдык зомбулукка кабылганыма ишенишкен жок”: Кыргызстанда майыптыгы бар аялдар кабылган көйгөйлөр жана системалык адилетсиздик

Эскертүү: Материалда сексуалдык зомбулук темасы камтылган. Айрым окурмандар үчүн бул мазмун эмоционалдык жактан оор болушу мүмкүн.

Акыркы жылдары Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук көйгөйү талкууланып, коомчулуктун назарына көбүрөөк илине баштады. Айрыкча аялдардын зордукталышы же трагедиялуу өлүмүнө байланышкан резонанстуу окуялар маселенин тереңдигин көрсөтүп, системалык чараларды кабыл алууга түртүүдө. Бирок ден соолугунан майыптыгы бар аялдардын реалдуулугу башка. Алар зордук-зомбулукка кабылган учурда дагы көбүнчө үнү угулбай, көзгө көрүнбөй жана ар кандай тоскоолдуктардын айынан укуктарын коргой албай калышат.

Билүү маанилүү!

Ден соолугунан майыптыгы бар адамдар — туруктуу физикалык, психикалык, интеллектуалдык же сезүү бузулуулары бар, коомдогу тоскоолдуктардан улам башка адамдар менен тең укукта коомдук жашоого толук катышуусу чектелиши мүмкүн болгон адамдар (Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенциянын 1-беренеси).

Кыргызстанда ден соолугунан майыптык оордугуна жараша үч топко бөлүнөт: I, II жана III топ. Булардын ичинен I топ майыптыктын эң оор формасы болуп эсептелет.

2024-жылга карата Кыргызстанда 20 миңден ашуун адам ден соолугунан майыптуулугу боюнча каттоодо турган. Алардын 105 миңден ашыгы же дээрлик жарымы аялдар.

    Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук — бул адамдын макулдугусуз же ага каршы жасалган сексуалдык мүнөздөгү аракеттер. Ага зордоп жыныстык катнашка баруу, сексуалдык ыдык көрсөтүү, коркутуу, каалабаган тийишүүлөр, кемсинтүүчү сөздөр жана башка ушул сыяктуу аракеттер кирет.

    Ооруканадагы зомбулук. Томиристин окуясы

    Томиристин I топтогу тубаса майыптыгы бар. Ал көп жылдар бою өз алдынча баса албай, дарыгерлер “үмүт жок” дешкен. Бирок Томирис бир күнү бутуна туруп, башкалар сыяктуу жашоо кура аларына дайыма ишенчү. Ошол ишениминин жана үй-бүлөсүнүн жардамы менен ал бир нече жыл мурда басып, жогорку билим алууга да жетишкен.

    “Кичине кезимде ата-энемдин жардамысыз эч нерсе кыла алчу эмесмин. Майыптар арабасында көп жыл отурдум. Айланамдагылардын көбү менин абалымды түшүнүп мамиле кылышчу деп айта албайм. Бирок дайыма жакшы үмүт менен жашачумун. Көк беттик мүнөзүм да түрткү болдубу, айтор, бутума туруп кеттим. Азыр салыштырмалуу жакшымын. Жогорку билим алып, пайдам тийсем деген максатымды да орундатып, 20 жаштан өткөндө университетке тапшырдым. Окууну жакында эле бүтүрдүм”.

    Бирок бул жолдо Томирис көп кыйынчылыктарга туш болгон. Алардын эң оору жана анын жүрөгүндө чоң так калтырганы анын сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка кабылганы болду. Ал I топтогу майыптыгынын айынан жана басуусун жеңилдетүү үчүн мезгил-мезгили менен укалоого (ред. — массаж) барып турчу. Ошол күнү Томирис адаттагыдай ооруканага келет. Буга чейин ал адистен эки жолу укалоо алгандыктан, анын “эң акыркы болуп келесиң” деген сөзүнөн да жамандык сезген эмес. Бирок укалоо учурунда Томирис аны нес кылган зомбулукка кабылат.

    “Мен ден соолугума байланыштуу ооруканаларга байма-бай барууга жана массаж алууга мажбурмун. Эгерде массаж алып турбасам денем чымырап, өзүмдү начар сезе баштайм. Ошого адаттагыдай эле өзүм жакта жайгашкан ооруканага жазылып, бардым. Кеч кирип калгандыктан жана оорукананын бир четинен экинчи четине басып жүрүп аябай чарчап калган элем. Адистин бөлмөсүнө келсем, эч ким жок экен. Анан ал келип, эшикти “эч ким тоскоол болбосун” деп бекитип алды. Массаж адаттагыдай эле башталган, ал арада көзүм илинип кеткен экен. Бир маалда анын колу интимдик жагымда жүргөнүн байкадым. Эмне болуп жатканын түшүнгөнчө эле катуу ооруксунууну сездим. Ал мага колу аркылуу сексуалдык мүнөздөгү аракет жасап жатканын байкадым. Кыйкырып же каршылык көрсөтүүгө күчүм жетпей, эшиктин бекитилгенин эстеп нес болуп калдым. Массаж бүткөндөн кийин гана өзүмө келип, “сиз мага эмне кылдыңыз?” деп сурадым. Ал болсо эч нерсе болбогондой, “сага массаж эле жасадым” деп жооп берди”.

    Зомбулукка кабылуу коркунучу жогору, бирок ишенбөөчүлүк күч

    Томирис башынан өткөргөн окуя дүйнө жүзүндө ден соолугунан майыптыгы бар башка аялдардын да реалдуулугу. Алдын алуучу медицина боюнча америкалык журналда жарыяланган изилдөөдө майыптыгы бар аялдардын 40%ы өмүрүндө сексуалдык зомбулукка кабылат деп белгиленет. Ал эми дагы башка бир изилдөөдө бул аялдардын майыптыгы жок аялдарга салыштырмалуу сексуалдык зомбулукка кабылуу коркунучу төрт эсе жогору экени айтылат. 

    Кыргызстанда эл аралык уюмдар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр да ден соолугунан кандайдыр бир майыптыгы бар аялдардын зомбулукка кабылуу коркунучу жогору экени белгиленип келет. Мисалы, 2023-жылы Human Rights Watch уюмунун изилдөөсүнө катышкан 35 майыптыгы бар аял үй-бүлөсү, айлана-чөйрөсүндөгү башка адамдар тарабынан психологиялык, экономикалык, физикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылганы айтылган. Уюм Кыргызстанда бул багытта маселе көп экенин жана мамлекеттик деңгээлде майыптуулук “медициналык” көз караштан же болбосо “дарыланышы керек болгон бузулуу” катары караларын билдирген. 

    Психотерапевт Аида Парпиеванын айтымында, майыптуулугу бар адамдарга карата “медициналык” көз караштагы мамиле стигматизацияны күчөтсө, үй-бүлөсү жана коом тарабынан аларды обочодо кармоо (ред. — изоляция) абалды ого бетер оорлоштурат.

    “Майыптуулугу бар адамдар көп учурда коомдун эң аялуу катмары бойдон калууда. Буга калыптанып калган стигмалар жана изоляция сыяктуу факторлор таасир этет. Мисалы, үй-бүлөлүк деңгээлде коомдук басымдан же “эл эмне дейт?” деген коркуудан улам майыптыгы бар жакынын жашырып, сыртка чыгарбай коюу учурлары кездешет. Мындай мамиле аларды коомдо “көрүнбөс” кылып, көйгөйлөрүнө көңүл бурулбай калышына шарт түзөт. Бирок маселе жоголбойт. Ал топтоло берет да, зордуктоо сыяктуу резонанстуу окуя катталганда гана коомдун эсине кайрадан түшөт”.

    Психотерапевт Аида Парпиева белгилегендей, майыптыгы бар аялдар зомбулукка кабылган учурда өз алдынча психологдорго кайрылган учурлар өтө сейрек кездешет. Буга алардын жакындарына болгон финансылык жана турмуштук көз карандылыгы себеп болот. Башкача айтканда, майыптыгы бар аялдардын психологиялык абалына дээрлик көңүл бурулбай, көз жаздымда калат. 

    Коомдогу калыптанып калган стигматизация жана кайдыгерликти Томирис да башынан өткөргөн. Ага кошумча ал ишенбөөчүлүккө жана кемсинтүүгө дагы туш болгон.

    “Укалоо бүткөндөн кийин отурганда ооруксунуу сезип жаттым. Негизи андай болбошу керек эле. Анан көпкө ойлонуп отуруп бул сексуалдык зомбулук экенин кабыл алдым. Бүт күчүмдү жыйнап, окуяны айтып берүүгө бел байладым. Жанымдан өтүп бараткан медайымды токтотуп, болгон окуяны айтканымда ал бир саамга мени карап туруп, “сен өзүңдүн оюңдан чыгарып алгансың го, ал сага укалоо эле жасады” деп басып кетти. Башкы дарыгер дагы ушул эле сөздөрдү айтып, кетирип жиберди. Ошондон кийин төрт жыл укалоого барбай калдым, бул окуяны да эч ким менен бөлүшө алган жокмун. Анткени коомдогу “сени да бирөө карамак беле?”, “ай ушу сениби?” деген сөздөр майыптыгыма байланыштуу айтылары жана дал ушул нерсе менин башымдан өткөргөн зомбулукту кунсуздандырарын түшүндүм”.

    Томиристин айтымында, ооруканадагы укалоочу адис жумушун улантып, бир канча убактан кийин майыптыгы бар дагы бир кызга зомбулук көргөзгөн. Ал аталган адис майыптыгы бар аялдардын каршылык көрсөтүүдө кыйналарын жана өзүнүн эч кандай жаза албасын билгендиктен кылмыштуу аракетин кайталаган деп эсептейт. 
    Ошентип ден соолугунан майыптыгы бар эки аял зомбулукка кабылгану тууралуу арыз жазуу этабына дагы жетпей, бул окуялар расмий статистикага кирген эмес. Негизи эле Кыргызстанда майыптыгы бар аялдарга карата зордук-зомбулуктун масштабын көргөзгөн расмий статистика дээрлик жокко эсе.

    Психотерапевт Аида Парпиева майыптыгы бар аялдарга карата зомбулуктун масштабын билүү жана ал боюнча статистика жүргүзүү кыйыныраак экенин белгилейт:

    “Себеби, сүйлөө бузулуусу, кыймылдоо кыйынчылыгы же акыл-эс өнүгүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрү бар адамдар зомбулук тууралуу айтууда олуттуу тоскоолдуктарга туш болушат. Айрыкча акыл-эс өнүгүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр болсо, ал өзүнө карата жасалган зомбулукту толук түшүнбөй калышы мүмкүн”.

    Негизинен айрым резонанстуу окуялар медиаларга жарыяланганда гана белгилүү болуп, коомчулуктун көңүлүн бурат. 

    Төмөндө акыркы он жыл ичинде “Азаттык” жана “Клооп” медиаларында жарыяланган ден соолугунан майыптыгы бар аялдарга зомбулук көрсөткөн учурлар анализденди. 

    Жалпы жонунан эки медиага жарыяланган 23 материал табылып, көпчүлүгү ден соолугунан майыптыгы бар аялдарга карата жасалган сексуалдык зомбулукка байланыштуу экени аныкталды.

    Белгилей кетсек, анализденген материалдар жана алардын саны көйгөйдүн чыныгы масштабын көргөзбөй калуусу мүмкүн. Кризистик борборлор биримдигинин изилдөөсүндө айтылгандай, кыргыз коомундагы сексуалдык зомбулуктун 10%ы гана ачыкка чыгат.

    Анализденген материалда ден соолугунан майыптыгы бар аялдар бардык жаш куракта зомбулукка кабылары белгилүү болду. Курагы көрсөтүлгөндөрдүн арасынан эң жашы 13 жашта, ал эми эң улуусу 40та болгон. 

    Зомбулукка кабылган кыздардын жана аялдардын арасында бардык топтогу  (I, II, жана III) майыптыгы барлар бар. Бирок эң оор деп эсептелген I даражадагы майыптуулугу, анын ичинде тубаса шал оорулары, сүйлөө, угуу жана акыл-эс өсүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрү болгондор зомбулукка көбүрөөк кабылганы аныкталды. 

    Ал эми аларга зомбулук көрсөткөн адамдардын көпчүлүгү үй-бүлө мүчөлөрү болгон. Зомбулук көрсөткөндөрдүн арасында аялдын кошунасы, айылдашы, алыс тууганы жана кызмат көрсөткөн адис дагы бар.

    Зордукчулардын көпчүлүгү үй-бүлө мүчөлөрү же жакын туугандары болгондуктан майыптыгы бар аялдар үчүн үй “эң коопсуз эмес” жайлардын бири. 

    Ден соолугунан майыптыгы бар аялдар үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан зомбулукка кабылгандан кийин баш калкалоочу жайларга барууга мажбур болушат. Бирок Кыргызстанда аларга ылайыкталган бир гана баш калкалоочу жай бар. “Теңдик” аталышындагы бул борбор бир убакта 10-15 адамга баш паанек бере алат.


    Аталган борбор Бишкек шаарында жайгашкандыктан, баш калаадан алыс айыл жергесиндеги майыптыгы бар жана зомбулукка кабылган аялдарды коргоого күчү жетип же жетпей турганы бүдөмүк. 

    Адилеттүүлүккө жетүүнү татаалдаштырган тоскоолдуктар

    Майыптыгы бар аялдардын зомбулукка кабылгандан кийин укук талаасында өз укугун коргоп, агрессорду кандайдыр бир жазага тартуу жолу оор жана кошумча тоскоолдуктар менен коштолот. 

    Активист Виктория Бирюкова бул тоскоолдуктар зомбулукка кабылган майыптыгы бар аял арыз жазуу үчүн үйдөн чыкканда эле башталарын айтат.

    “Менимче, Кыргызстанда аялдар негизи эле зомбулуктан корголгон эмес. Сөз майыптыгы бар аялдар тууралуу болгондо абал андан да оор. Мен өзүм майыптыгы бар адам катары жана аялдар менен жети жылдан ашуун тыгыз иштешкен адис катары алар адилеттүүлүккө жетүүдө кандай тоскоолдуктар менен бет келе турганын айта алам. Мисалы, жөн гана үйдөн чыгып, тиешелүү мекемеге жетип баруунун өзү эле чоң көйгөй. Жетип барган күндө да зомбулукка кабылганын далилдөө үчүн шаардын бир бурчунан экинчи бурчундагы мекемелерге барып, экспертизалардан өтүшү керек. Анткени бир эле жерде медициналык жана психологиялык экспертизадан өтө турган борборлошкон орган жок. Мындан сырткары, аял болгон окуяны улам-улам ар башка адамдарга айтып берүүгө мажбур болот. Ал эми сүйлөө дефекти болгон аялдын сурдокотормочуну (ред. — жаңсоо тилинин котормочусун) алуусу да кыйын”.

    Бирюкованын айтымында, бул процесстеги каржылык чыгымдар дагы оорчулук жаратат. Ага жол кире чыгымдары, кагаз иштери жана башкалар кирет.
    Эмгек социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги билдиргендей, Кыргызстандагы майыптуулугу барларга ай сайын бериле турган социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 2 миң сомдон (23$)  8 миң сомго чейин (91$) деп бекитилген. Эң жогорку өлчөмдөгү 8 миң сом I топтогу майыптыгы бар адамдарга берилет.

    Инфографика: Майыптыгы бар аялдар сексуалдаштырылган зомбулукка кабылгандан кийин өз укугун коргоо жолунда туш келген тоскоолдуктар:

    “Сексуалдык зомбулукка кабылганыма ишенишкен жок”: Кыргызстанда майыптыгы бар аялдар кабылган көйгөйлөр жана системалык адилетсиздик

    Натыйжада, ден соолугунан майыптыгы бар аялдар бул жолдо стереотиптерге, дискриминацияга жана институционалдык тоскоолдуктарга системалуу түрдө туш болуп, адилеттүүлүккө жетүүсү өтө кыйынга турат.

    ИИМ: “Зомбулуктун алдын алууга аракет кылып жатабыз”

    Майыптыгы бар аялдардын зомбулукка кабылуусу жана аларды алдын алуу боюнча укук коргоо органдары тиешелүү кадамдарды жасап жатканын белгилешет. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдамаларын координациялоо бөлүмүнүн башчысы Данияр Сапарбаев кызматкерлерди атайын даярдыктан өткөрүү, маалымдуулукту кеңейтүү боюнча иштер аткарылып жатканын айтат:

    “Биз укук коргоо кызматкерлери катары майыптуулугу бар адамдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча бир канча иш-чараларды ишке ашырып келе жатабыз. Алардын арасында кызматкерлерди майыптуулугу бар адамдар менен иштөөдө сезимталдыкка үйрөтүү, мобилдүүлүктү жеңилдетүү жана каякта болбосун жардам алууну жеткиликтүү кылуу үчүн иштеп келебиз. Мисалы, өткөн жылы эле гендердик эксперттердин катышуусунда кызматкерлер үчүн эки тренинг өткөрүлдү. Мындан сырткары, ар бир округдагы милиция кызматкерлери өзгөчө муктаждыгы болгон жарандардан кабар алып турууга милдеттирилген. Ал эми зомбулук катталган учурда арыз берүүнү жеткиликтүү кылуу үчүн министрликтин сайтында онлайн арыз таштоону уюштуруп, көрүүсү начар адамдарга ылайыкташтырдык”.

    Ошол эле учурда Сапарбаев Кыргызстанда ден соолугунан майыптыгы бар адамдар жана зомбулукка кабылгандар кайрыла турган кризистик борборлор жетишсиз экенин жана маалымдуулук аз экенин да белгилейт.

    “Негизи биз маалымдуулукту жайылтуу багытында көйгөйлөр бар экенин билебиз жана бул багытта иштеп жатабыз. Мындан сырткары, аялдарга, анын ичинде майыптыгы бар аялдарга кризистик борборлордун санын көбөйтүүнү тиешелүү органдарга сунуштап, бейөкмөт уюмдар менен бул багытта тыгыз иштешебиз”, — деп билдирди милициянын өкүлү.

    Абалды жакшыртуу үчүн дагы эмнелерди кылуу керек?

    Ошол эле учурда эксперттер жана изилдөөчүлөр Кыргызстанда ден соолугунан майыптыгы бар аялдардын укуктарын коргоону күчөтүү жана аларга карата зомбулуктун алдын алуу үчүн комплекстүү чаралар зарыл экенин белгилешет. Гендердик эксперт жана майыптыгы бар аялдар менен тыгыз иштешкен адис Бактыгүл Исланбекова бул багыттагы көйгөйлөр терең жана көп катмарлуу экенин, маселени чечүү үчүн эксперттер жана уюмдар тарабынан да аракеттер көрүлүп жатканын айтат.

    “Кыргызстанда майыптыгы бар аялдарга жана кыздарга байланыштуу маселенин тамыры өтө терең. Биз “Социалдык технологиялар агенттиги” коомдук бирикмесиндеги командабыз менен майыптыгы бар аялдарга байланыштуу түрдүү долбоорлорду ишке ашырып, изилдөөлөрдү жүргүзүп жатып буга толук ынандык. Ошондуктан бул багытта ар кандай долбоорлорду, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, адвокаттарга, Акыйкатчы институтунун жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сезимтал мамиле кылуу багытында окутууларды өткөрүп, атайын сунуштамаларды жазып, тиешелүү мамлекеттик органдарга сунуштап келебиз”.

    Анткен менен Исланбекова Кыргызстанда жалпысынан коом инклюзивдүүлүктөн алыс экенин, ден соолугунан майыптыгы бар адамдардын жашоосуна тоскоол болгон фактор көп экенин эске салып, мындай шартта зомбулукка кабылган кыз-келиндер өз укугун коргоодо алсыз болуп жатканын белгилейт:

    “Биздин коом инклюзивдүүлүктөн өтө алыс. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын билим алышына, ишке орношуусуна жана өз алдынча жашоосуна тоскоол болгон көптөгөн факторлор бар. Инфраструктуранын, жеткиликтүү транспорттун жана мектептердеги шарттардын жоктугунан айрым ата-энелер майыптыгы бар балдарын окууга берүүдөн баш тартууга мажбур болушат. Кийинчерээк калыптанып калган стереотиптерден улам алар жумушка орношо албай, экономикалык көз каранды абалда калып калышат. Мындай шартта аялдар жана кыздар зомбулукка кабылганда өз укугун коргоодо өтө алсыз болушат”.

    Эксперттин айтымында, бул маселе бир гана укук коргоо же мамлекеттик мекемелердин аракети менен чечиле турган көйгөй эмес жана коомдун бардык мүчөсүнүн күч-аракетин талап кылат.

    Муну кантип чечүү керек? Эң башкысы — коомду инклюзивдүү кылып, “биздин коомдо майыптуулугу бар адамдар да жашайт” деген түшүнүктү кеңири жайылтуу зарыл. Бул үчүн маалыматтык кампанияларды уюштуруп, коомдун көңүлүн буруу маанилүү. Ошондой эле майыптуулугу бар адамдардын билим алышына жана кийин иштөөсүнө шарт түзгөн инфраструктураны жолдорду, транспортту жана башка коомдук жайларды аларга ылайыкташтыруу керек. Анткени азыркы жашоо чөйрөсү алар үчүн көп учурда кооптуу. Ал эми майыптуулугу бар адам зомбулукка кабылган учурда, алар кайрыла ала турган атайын борборлор болушу керек. Кыргызстанда жардам суроо көбүнчө үн аркылуу гана жүргүзүлгөндүктөн, бул угуу же сүйлөө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн чоң тоскоолдук жаратат. Ошондуктан Казакстандын мисалындагыдай жазуу же видео аркылуу кайрылууга шарт түзүп, сурдокотормочуларды жана тиешелүү адистерди тартуу зарыл. Коом жана мамлекет тарабынан системалуу аракеттер көрүлгөндө гана реалдуу жетишкендиктерге жетүүгө болот”.

    Эксперт Бактыгүл Исланбекова эгерде мамлекет жана коом бул багытта абалды жакшырта алса, ден соолугунан майыптыгы бар адамдар кадимки жашоодо жашап, мамлекетке экономикалык пайда келтирүү мүмкүнчүлүгү болмок деп ишенет. Ошондой эле ал инклюзивдүү коомду түзүү Кыргызстандын имиджин эл аралык аренада бекемдей турганын да кошумчалайт. Белгилей кетсек, Кыргызстан Бириккен улуттар уюмунун майыптыгы бар адамдардын укуктарын коргоо боюнча конвенциясын 2019-жылы ратификациялаган. Андан бери айрым кадамдар жасалганы менен, өлкөдө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын, анын ичинде зомбулуктун ар кандай түрлөрүнө кабылган аялдардын укуктарын коргоо жана илгерилетүү багытында көптөгөн көйгөйлөр чечилбей келет.


    Автор: Гулиза Урустамбек кызы

    Бул материал APWLD (Азия–Тынч океан аялдардын укуктары жана өнүгүүсү боюнча форуму) уюмунун 2025-жылдагы Feminist Media Fund стипендиясынын алкагында даярдалды.

    Муну бөлүшүү
    Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

    Журналисттик иликтөөлөр

    Помочь проекту

    договором оферты