Сейитбек уулу Мунарбектин машыктыруучусу кыргызстандыктарга ыраазылыгын билдирди

Париж Олимпиадасында жарым финалга өткөн мушкер Сейитбек уулу Мунарбектин машыктыруучусу Беганас Султанбаев кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

“Кечээ күндөн бери менин окуучум Сейитбек уулу Мунарбектин бокс боюнча Олимпиаданын жарым финалына чыгышына кубанган видео аябай таркап кетти. Мен 20 жылдан бери арзуу кылып келе жаткан күнүм орундалып жатат деп сүйүнгөнүмдөн ошондой эмоция менен, сүйүнүчтүн көз жашы менен коштолгон видео болуп калды. Менин ичимде болгон кубанычымды сиздер тең бөлүшкөнүңөр үчүн сиздерге терең ыраазычылыгымды билдирем урматтуу кыргызстандыктар!
Эми Парижге баруу жөнүндө, баарыңыздар барсын деп жатасыздар мен да баргым келди, бирок Парижге жөн эле билет алып бара албайт экенсиң, виза алуу маселесинде жок дегенде бир жума убакыт кетет экен, билесиздер бир жумадан кийин Париж Олимпиадасы да бүтүп калат.
Бирок кийинки Олимпиадага буюрса барабыз деген ишеничтебиз” деди машыктыруучу Беганас Султанбаев.

Ошондой эле машыктыруучу буларды кошумчалады:

“Биз мурдагы жылы Ташкентте болуп өткөн дүйнө чемпионатында бокс боюнча Кыргызстандын эгемендүүлүк алгандан бери тарыхта биринчи жолу 5 таймашуу өткөрүп, коло медаль утуп алганыбызда, бизди кубандырып мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров ошондой эле Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев биздин жеңишибизди куттуктап, окуучум Сейитбек уулу Мунарбекке Ош шаарынан эки бөлмөлүү батирди белеке беришип, мага да сыйлыктарын берип, бизге аябай чоң дем, күч-кубат берип аябай кубандырышкан”.

“Албетте, мындай чоң иш-чараларга, Олимпиадага ар бир спортчунун жеке машыктыруучулары барышса жакшы болмок, себеби жеке машыктыруучу өзүнүн окуучусун беш колундай билет.
Бул маселени кийинчерээк Улуттук олимпиада комитети эске алат жана чечет деген ишеничтемин” деди ал.

Ошондой эле социалдык тармактарда аны каралап жаткандарга да жооп узатты:  

“Анан да, мени менен сүйлөшпөй туруп, мени билип-билбей туруп, каралаганга да өтүп кетишиптир, аларга айтарым — Сейитбек уулу Мунарбек менин окуучум, 2004 жылдан бери машыктырып, ушул күнгө жетип келдик.  Парижге кетип жатканда ак батамды берип узатканмын» деди машыктыруучу.

Париж Олимпиадасында Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп жүргөн биздин спортчуларыбызга колдоо көрсөтүп турууну өтүндү.  

Социалдык тармактарда мушкер Мунарбек Сейитбек уулунунун машыктыруучусу Беганас Султанбаевдин Олимпиада оюндарына барбай калганы кызуу талкуу жаратууда.  Жеке машыктыруучу Олимпиада оюндарына барып, сүрөп, шык берип турушу керек эле деген өкүнүчтөр айтылууда. Машыктыруучу Беганас Султанбаев шакиртинин таймаштарын теледен көрүп, кубанган видеолору да социалдык тармактарга тарады.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары, спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов Мунарбек Сейитбек уулунун жеке машыктыруучусу эмнеге Олимпиадага спортчу менен кошо барбай калганына мындайча түшүндүрмө берген:

«Мунарбек мушкерибиз көп күткөн Олимпиадага лицензияны ушул жылы июнь айында алды. Ал эми тренерлерди аккредитациялоо март айында эле жыйынтакталган. Лицензиялык турнирлерге бир канча мушкер катышып, кимиси лицензия алары белгисиз болгондуктан, башкы машыктыруучу аккредитациядан өткөн. Олимпиадага даярдык кандай дыкаттык менен жүрөрү баарыбызга белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу бир гана башкы машыктыруучуга уруксат берилди. Тилекке каршы, жеке машыктыруучу гана эмес, улук машыктыруучу дагы Парижге бара алган жок» деди министрдин орун басары Абдымомунов.

3-августта Париж Олимпиадасында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг салмакта) Жамал Харви аттуу америкалык спортчу менен күч сынашып, жарым финалга чыкты. Кийинки жарым финал 8-августта, финал 10-августта өтөт.

Буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга чыккан.

Сүрөт: Социалдык тармактардан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты