Сегиз манасчыга батир белек кылган Нургалы Асаналиев тууралуу эмнелер белгилүү?

Жеке ишкер Нургали Асаналиев манасчыларга эки бөлмөлүү сегиз батирдин сертификатын тапшырды. Алар Талантаалы Бакчиев, Замирбек Баялиев, Самат Көчөрбаев, Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков, Улан Исмаилов, Асанаалы Калил уулу жана Үмөт Болот.  Рысбай Исаков өзүнө берилген батирди жаш манасчы Нурбек Талантбековго тартуулады.  

Сегиз манасчыга батир белек кылган Нургалы Асаналиев тууралуу эмнелер белгилүү?

Дөлөт Сыдыков жеке ишкер берген үйдөн баш тартты

Батир бериле тургандардын катарында өлкөдөн чыгып кеткен манасчы Дөөлөт Сыдыков да бар. Ал Фейсбуктагы баракчасына жеке ишкер берген үйдөн баш тартканын жарыялады:

 “Манас айылында жетекчи болуп турганда биринчилерден болуп ушул Нургалы Асаналиев президенттин атынан жөөлөп келип, «Манастын айылын бузам, ак үй салып парк кылам» дегенин көпчүлүк билет. Манас бабабызга карата шек келтирген сөздөрдү айтып, ишти талкалаган бул адамдын колунан мага эч нерсе кереги жок. Бериптир деп чуркап барчу киши мен эмесмин. Намыс кайда калат, абийир кайда калат? Кээ бирлердей болуп, Манасты кошуп сатып жибергенден айырмам кайсы болот?”, — деп жазды ал. 

Манасчы үйдүн сертификатын архитекторго берерин билдирди. 

“Манас айылын” кайра курабыз деп мамлекеттик деңгээлде конкурс өткөргөндө талапка ылайык жеңүүчү болгон Мухтар Кушубаков деген архитектор жигиттин жасаган эмгегинин, акчасын президенттик аппараттан бердирбей коюшту. “Президент айтты” демиш болуп биздин тандоону жокко чыгарышты. Эгер мага берилген сертификатыңар чын болсо, мен ошол сертификатты Мухтар Кушубаковго бердим. Менин атымдагы үйдү ошол жигит алсын, чын дилимден айтып жатам. Ошол жигит барат. Каякка барат, каяктан алат, өздөрү дайындасын”, — деп жазды Дөөлөт Сыдыков.

“ПолитКлиника” медиасы манасчыларга батир тартуулаган жеке ишкер Нургали Асаналиев тууралуу маалыматтарды тизмектеп чыкты.

Нургали Асаналиев деген ким?

Нургали Асаналиев “Алакан” сайтына берген маегинде өзүнүн өмүр баянын айтып берген. Андагы маалыматтар боюнча, Нургали Асаналиев 1976-жылы 22-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айылында туулган. Кесиби боюнча экономист. 

Дээрлик отуз жылдан бери ишкерлик менен алектенет 

Асаналиев «Каганат» коомдук кайрымдуулук фондун, ЖКББМ эл аралык илим жана бизнес университетин жана «Каганат» партиясын негиздеген. 1993-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип келет. Osoo.kg’нин  маалыматына ылайык, Асаналиев «Ред Маунтинс» жабык акционердик коомунун, «КыргызАтомПром» жабык акционердик коомунун жетекчиси. 

Асаналиев индиялык студенттердин арызы боюнча кармалган

Сегиз манасчыга батир белек кылган Нургалы Асаналиев тууралуу эмнелер белгилүү?

Нургалы Асаналиев 2018-жылы июль айында укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалган. Эл аралык илим жана бизнес университетинде билим алган 50дөй индиялык студент анын үстүнөн арызданган. Алар Асаналиев 150 миң доллардай акчасын алып, окуудан чыгарып жиберген деп айыпташкан. Ошол жылдын август айында Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган. Асаналиев “Алакан” сайтына берген маегинде ага козголгон кылмыш иши иликтенип, иш кыскарганын айткан.

“Ордунан жылган жок”. Асаналиев президент менен «Бакыт үйүнүн» пайдубалына капсула койгон

Былтыр, 27-декабрда президенттин расмий сайтында мамлекет башчы Садыр Жапаров Чүй мектеп-интернатынын тарбиялануучулары үчүн камкорчу тарабынан куруулуусу көздөлгөн көп батирлүү «Бакыт үйүнүн» пайдубалына капсула койгону тууралуу маалымат чыккан. Ал сүрөттө Асаналиев президенттин жанында турганын көрүүгө болот. Бирок кийин Жаңы-Жол айылынын тургандары курулуш ордунан жылбай жатат деп арызданышкан.

Сегиз манасчыга батир белек кылган Нургалы Асаналиев тууралуу эмнелер белгилүү?

“Президенттен келдим”. “Манас айылы” боюнча чыр

Жыл башында жаңы “Ак үй” салуу үчүн «Манас айылынын» жер алынып жатканы белгилүү болгон. Буга комплекстин жетекчиси Дөөлөт Сыдыков каршы чыгып, өзүнүн пикирин ачык билдирген. Май айында Сыдыков үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Ал өзүнө карата ар тараптан басым жасалып, коркутуу-үркүтүүлөр болгонун айткан.

Андан кийин манасчы Дөөлөт Сыдыков “МедиаХаб” басылмасына маек берип, “Манас айылы” боюнча чыр баштала электе эле Нургалы Асаналиев ага барганын айткан. 

“Ал мага «мен сени тааныйм, ошон үчүн айтып коёюн деп атам. Мен президенттен келдим, бул жерге Ак үй курабыз» деп айткан. “Манас айылы” болбойт, биз парк кылабыз. Бийик имараттарды салып, оңдоп-түзөө иштерин баштайбыз» деди. Мен уят эмеспи, бул жер тарыхый жер, бир киши үчүн “Манас айылы” жок болуп кетпеши керек” дедим. Ал президентке жардам бериш керектигин айтты. Асаналиев ошол жерден мени оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кагынып-силкинип кетип калды”, — деп билдирген Дөөлөт Сыдыков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты