Сегиз күн эс алабыз. Министрлер кабинети 2023-жылы майрамдарга узак дем алыш күндөрүн сунуштайт

  • 2 года мурун

Эмгек министрлиги «2023-жылга дем алыш күндөрүн жылдыруу жөнүндө» министрлер кабинетинин токтомунун долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.

Негиздемеде дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу үчүн долбоордо мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекемелердин жана ишканалардын беш күндүк иш жумасынын графиги боюнча иштеген кызматкерлерине төмөнкүдөй сунуштар киргизилет деп айтылат:

Кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 8 күн катары менен эс алат:

— 1-январь жекшемби болгондуктан 2-январь эс алуу күнгө өтөт;
— Рождество майрамынын (7-январь) ордуна эс алуу боло турган 9-январдагы дем алыш 3-январга которулат;
— 4-январдын ордуна 25-февраль (ишемби) жумуш күнү болот;
— 5-январдагы иш күнү 11-март (ишемби) менен алмашат;
— 6-январдын ордуна 25-март (ишемби) жумуш күн;
— 7-8-январь — ишемби жана жекшемби.

Нооруз майрамына карата төрт күн эс алуу:

— 18-19-март — ишемби жана жекшемби;
— 20-март (дүйшөмбү) 29-апрелге (ишемби) жылдырылат;
— 21-март — Нооруз майрамы.

Май айында эл 5 күн катары менен эс алышы мүмкүн:

— 5-май — Конституция күнү;
— 6-7 май — Ишемби, Жекшемби;
— 8-май (Дүйшөмбү) 13-майга (Ишемби) жылдырылат;
— 9-май (Шейшемби) — Жеңиш майрамы.

Ноябрь беш күндүк менен эс алуу сунушталууда:

— 4-5-ноябрь – ишемби, жекшемби;
— 6-ноябрь (дүйшөмбү) 11-ноябрга (ишемби) жылдырылат;
— 7-8-ноябрь— Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.Бул беш күндүк иш графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекеме жана ишканалардын кызматкерлерине тиешелүү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты