Саясий туткандарды коргоо комитети камактагы Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү боюнча билдирүү жасады

  • 2 года мурун

Саясий туткандарды коргоо комитети камактагы Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү боюнча билдирүү жасады.

«Түзүлгөнүнө бир гана күн болгон Кемпир-Абадды коргоо комитетинин дээрлик бардык мүчөлөрү камакка алынып, алардын камалышын Бишкек шаардык соту мыйзамдуу деп тапты.

Саясий туткундарды коргоо комитети оппозициялык саясатчылардын, жарандык лидерлердин, журналисттердин “баш аламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген күнөө коюлуп камалышын мыйзамсыз, адилетсиз жана саясий максатта ачылган кылмыш иши деп эсептейт.

Себеби:

— Камакка алынган жарандардын бардыгы буга чейин бийликти кескин, системалуу түрдө сындап, позицияларын ачык булактар аркылуу билдирип келишкен. Көпчүлүгү, өздөрүн бийликке официалдуу түрдө оппозиция экендигин жарыялашкан.

Кемпир-Абад маселесин активдүү көтөргөн саясатчыларды жоопко тартаарын президент Садыр Жапаров мурда эле «Кабар» агенттигине берген интервьюсунда ачык айткан.

Президенттин бул сөзү укук коргоо органдарына ачык дагы, кыйыр дагы көрсөтмө болду деп эсептейбиз.

— Биринчи май сотунда, Бишкек шаардык сотто айыптоочу тарап камалгандардын бирөөсүнүн дагы күнөөсүн так далилдер менен көрсөтүп бере алган жок.

— Күнөөлөнүүчүлөрдү укук коргоо органдары жана сот кароосуз калган балдарына, жаш курагына, жалгыз багуучу (кормилец) экендигине, күнөөлөрү далилденбегенине карабастан өтө каттоол, эркинен ажыратып, түрмөгө камоо чечимин кабыл алды.

— Дээрлик дүйнөдөгү бардык авторитеттүү укук коргоочу уюмдар Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңсеси, Европа Биримдиги жана Кыргызстандагы укук коргоочу уюмдар камалгандарды бошотууну жана адилеттүү, ачык сот процесси менен камсыз кылууну талап кылышты.

Саясий туткундарды коргоо комитети дагы бардык сот процесстерине катышып, мониторинг жүргүзүп, Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн күнөөлүү экенин прокуратура жана сот органдары так далилдерди келтире алган жок деп эсептейт.

Ушуга байланыштуу Саясий туткундарды коргоо комитети камактагы Кемпир-Абадка байланыштуу камака алынгандарды: Асия Сасыкбаева, Гульнара Журабаева, Кеңешбек Душебаев, Таалай Мадаминов, Клара Сооронкулова, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Мамбетжунус Абылов, Азимбек Бекназаров, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Бектур Асанов, Орозайым Нарматова, Кубанычбек Кадыров, Жеңиш Молдокматов, Марат Баязов, Нурлан Асанбаев, Айбек Бусурманкулов, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро, Атай Бейшенбек, акын Болот Назаров, Айданбек Акматов, Акыл Айтбаев, Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Айданбек Акматов, Талант Эшалиевтерди саясий туткун деп тааныйт жана бардык укук коргоочуларды жана жарандарды таанууга чакырат», — деп жазылат кайрылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты