Саясий талдоочу: «Тууну өзгөртүүнү демилгелегендердин «тарыхта калабыз» деген ойлору болуп жатса керек»

  • 8 месяцев мурун

Саясий талдоочу Нурсултан Акылбек “ПолитКлиника” медиасынын Тет-а-Тет программасынын кезектеги чыгарылышынын коногу болду. Ал Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси боюнча суроого жооп берди.

«Мен көп адамдар менен баарлаштым. Алардын бирөөсү дагы тууну өзгөртүш керек деген жок. Туунун жаңы вариантын көрсөтүп жатышат. Күндүн нурун физикалык жактан эч ким тарта албайт. Азыркы тууну күн карамага окшош дейт. Тескерисинче желектин жаңы варианты күн карамага окшош экен. Менин оюмча, тууну өзгөртүүнү демилегелеп жаткандардын «тарыхта калабыз» деген ойлору болуп жатса керек. Кыргызстандагы көйгөйлөрдүн өзөгү желек эмес. Биз туунун айынан өнүгө албай жатабыз деп жомокко ишене бербей, реалдуулук менен жашасак. Алмазбек Атамбаевдин убагында ушунун айынан өнүкпөй жатабыз деп тарых музейиндеги мумияны көмүп салышты эле. Андан кийин канча окуялар болду.

Жакырчылыктын саны өсүп жатат. Кымбатчылык, кыштан кантип чыгабыз деп жатканда тууну өзгөртөбүз дешсе элдин кыжыры кайнайт. Спортчулар дагы бул желектин артынан канча жеңишке жеттик деп чыгып жатышат», — деди Нурсултан Акылбек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты