Саясий талдоочу: «Азыркы Жогорку Кеңеш тарыхта эң алсыз парламент болуп жатат»

  • 8 месяцев мурун

Саясий талдоочу Нурсултан Акылбек “ПолитКлиника” медиасынын Тет-а-Тет программасынын кезектеги чыгарылышынын коногу болду. 

Анда ал азыркы Жогорку Кеңеш тарыхта эң алсыз парламент болуп жатканын айтты.

«2020-жылы парламенттин ыйгарым укуктары кескин түрдө кыскартылган. Президенттик бийлик күчөп, парламент алсызданды. Азыркы парламент колунан, бутунан кесилди, тили эле бар. Ошондуктан парламенттен чоң нерселерди күткөндөн алыс болуш керекпиз. Аларда бийлик жок. Мурда парламенттик система болгондо аларды кескин сындашкан.

Азыр Жогорку Кеңештин эки чоң функциясы бар. Көзөмөл жана өкүлчүлүк функциясы. Алар ушул функцияларды кантип аткарып жатышат? Чоң окуялар болсо парламент сыртта турушат. Кечээ депутаттар менен отурганда «силер биз катары эле көрүүчү болуп калдыңар» деп айттым. Криминалга, коррупцияга каршы күрөштөрдө же башка чоң саясий окуяларда парламент биздин тиешебиз жок дегендей болуп сырттан карап турат. Саясий кармашуу, атаандашуу болобу бүт бардыгы парламенттин ичинде болушу керек. УКМКнын төрагасы криминалды жок кылам деп жатат. Бирок артында күрөштү бекитип, мыйзамдарды оңдоп, күч түзүмдөрүн чогулта турган парламент болушу керек эле. Чоң күрөш күрөш башталганына эки ай болду, бир дагы депутат туура же туура эмес деп айткан жок. Ошондуктан азыркы Жогорку Кеңеш тарыхта эң алсыз парламент болуп калат», — деди Нурсултан Акылбек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты