Саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттарынын эсеби

БШКнын көзөмөлдөө-текшерүү тобу Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоого катышкан, бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо өнөктүгүн каржылоо үчүн түзүлгөн шайлоо фонддорунун каражаттары жөнүндө маалымат берди.

 «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-ноябрына карата саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 147 509 628сом акча каражаттары түшкөн. Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды саясий партиялардын шайлоо фонддорунын каражаттарынан жабууга 124 453 617 сом сарпталган. (Инфографика. Түшкөн каражатты көрүү үчүн-көк түстү басыңыз, сарпталганы-сары түс):

Маалымат БШК сайтынан.

Мындан көрүнүп тургандай, эң көп каражатты «Ата журт-Кыргызстан» партиясы шайлоо фондуна салган. Анын эсебине түшкөн каражат 31 млн 871 097 болгон. Ал эми сарптаганы-22 млн 869 239сом.

Экинчи-«Ишеним» партиясынын шайлоо фонду. Ал партиянын эсебине 23 млн 061 541 сом түшкөн. Сарптаганы 21млн 596 455 сом.

Үчүнчү болуп «Альянс» партиясынын шайлоо фондун айтууга болот. Анын шайлоо фондуна 16 млн 561 875 сом түшкөн. Ал эми сарптаганы-15 млн 436 457 сом.

«Эл үмүтү» партиясы «Альянс» партиясынын каражатына бир азыраак жетпейт, шайлоо фондуна түшкөн акчасы- 16 млн 187 340 сом, сарптаганы 14 млн 210 629 сом.

Акча каражаттары кайдан түшүшү мүмкүн?

Мыйзам ченемдерине ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

  • 1 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
  • 100 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
  • 200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
  • 3 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Мында талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 300 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

«Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 41-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тыюу салынбаган адамдар жана уюмдар шайлоо фонддорун түзүлүшү мүмкүн.

Шайлоого 21 саясий партия катышууда.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты