Сауд Аравия чет элдиктерге ажылык сапарга барууга уруксат берди

  • 2 года мурун

Сауд Аравия эки жылдык чектөөдөн кийин чет элдиктерге ажылык сапарга барууга уруксат берди. Бул тууралуу Saudi Press Agency агенттиги жазды.

Ажылык жана умра иштери боюнча министрликтин маалыматына караганда, бул жылы Меккеге зыярат кылуу үчүн бир миллион адамга уруксат берилди.

Ошол эле учурда чет элдик зыяратчыларга бир нече талаптар коюлган. Бул ирет ажылык сапарга барууга 65 жашка чейинки адамдарга гана уруксат берилет. Ошондой эле алар коронавируска каршы эмделген болушу шарт. Сауд Аравиянын аймагына киргенге чейинки 72 сааттын аралыгында COVID-19га каршы тапшырылган тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү зарыл.

2020-жылы Сауд Аравиясы коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылыкка баргандардын санын кыскартып, катаал чектөөлөрдү киргизген. Пандемиянын биринчи жылында миңге чукул гана зыяратчы катыша алган. Ал эми 2021-жылы алардын саны 60 миңге көбөйтүлгөн.

Быйылкы ажылык сапарды 7-12-июль күндөрү уюштуруу пландалууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты