Сауд Арабия менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттамы ачылат

  • 1 год мурун
Сауд Арабия менен Кыргызстандын ортосунда түз аба каттамы ачылат

Президент Садыр Жапаров Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Ради Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу алака-катыштын актуалдуу маселелери талкууланды.

Садыр Жапаров эки өлкө арасында өз ара аракеттенүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү керек экенин белгиледи. Ал Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ашырылып жаткан социалдык-экономикалык долбоорлорду жогору бааларын билдирди. Мындан тышкары, жакынкы арада эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз авиакаттамдарды ачуу планын дагы канааттануу менен белгиледи.

Элчи Ибрахим бин Ради Аль-Ради Президент Садыр Жапаровго 19-июлда Жидда шаарында өтө турган Булуңдагы араб мамлекеттери жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтык Кеңешинин Саммитине катышуу үчүн Сауд Арабиянын Падышасынын атынан чакыруу катын тапшырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты