“Саткындар”, “чыккынчылар”: Депутаттын Бекназаров, Исаков тууралуу айткан сөзүндө “кастык тили” колдонулган

Бүгүн, 14-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Жеңишбек Токторбаев кайрылуу жасады. Анда ал Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков тууралуу сөз сүйлөдү.

“Саткындар”, “чыккынчылар”: Депутаттын Бекназаров, Исаков тууралуу айткан сөзүндө “кастык тили” колдонулган

“ПолитКлиника” медиасы Жеңишбек Токторбаевдин сөзүндө “кастык тили” колдонулганын аныктады.

Жеңишбек Токторбаев жыйында эмне деп сүйлөдү?

«Мындан 4-5 күн мурда Кыргыз эл баатыры Камчыбек Ташиевге наам туура эмес берилди деп Азимбек Бекназаров жалаа жаап чыкты. Урматтуу Азимбек аке, сиздин ким экениңизди эл абдан жакшы билет. Сиз кыжалат болбоңуз, ичиңиз күйбөсүн, кара ниеттиктин дагы чеги болот. Камчыбек Ташиевге эл эчак эле ал наамды берип койгон. Ушул жерде 2010-жылы июнь окуясына катышкан биздин көптөгөн депутаттар отурат. Баарын биз билебиз, кандай болгонун, ким качып кеткенин билебиз. 2010-жылкы июнь окуясы боюнча Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков түздөн-түз күнөөлүү. Анткени алар убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон. Күч түзүмдөрүн жетектеп турган. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү ошонун ичинде Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков булар чыккынчылар, саткындар. Булар тынч жаткан кыргыз-өзбек элинин ортосунда жаңжал чыгарышты. Булардын максаты Бакиевдин бийлигин жок кылуу болгон”, — деп сүйлөдү депутат. 

“Кастык тили” деген эмне? 

“Кастык тили” — бул эмоционалдуу боёкко боёлгон түшүнүк болуп саналат. Жөнөкөй сын-пикирден айырмаланып, терс баа берүүчү, улутуна, гендерине, диний ишенимдерине, жаш өзгөчөлүктөрүнө же дагы башка өзгөчөлүктөрүнө жараша кемсинтүүчү, ал тургай ыза кылуучу мүнѳзгѳ ээ.

“Кастык тили” түшүнүгү абдан кеңири болгондуктан классификациялоо оор. Мыйзам боюнча бирөөнүн аброюна шек келтирүү үчүн жаза каралган. Бирок “кастык тили” белгилүү бир группага же топко айтылып, “макал-лакап” же тамаша менен коштолсо ал сөз бурмаланганын же кемсинткенин аныктоо оорлошот. Кастык тили көбүнчө дини, улутуна, сырткы келбети же башка саясий көз карашы үчүн колдонулушу мүмкүн.

Депутаттын кайсы сөздөрүндө “кастык тили” колдонулган?

Депутат Жеңишбек Токторбаевдин кайрылуусундагы “кара ниет”, “саткындар”, “чыккынчылар” деген сөздөрдү колдонгон. Бул терс баа берүүчү, кемсинтүү, ызаа кылуучу мүнөзгө ээ. 

Баш мыйзамдын 16-беренесине ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышы мүмкүн эмес.

Жеңишбек Токторбаев соттун чечими жок саясатчыларды “күнөөлүү” деп айтканы Конституцияга каршы келет

Эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев “2010-жылкы июнь окуясы боюнча Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков түздөн-түз күнөөлүү” деп айтты. Конституциянын 57-беренеси боюнча, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жорук жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. 

Жыйынтык: Депутат Жеңишбек Токторбаевдин кайрылуусундагы “кара ниет”, “саткындар”, “чыккынчылар” деген сөздөрүндө “кастык тили” колдонулган. Анын “2010-жылкы июнь окуясы боюнча Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаков түздөн-түз күнөөлүү” деп айтканы Конституцияга каршы келет. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты