Сары-Челектин Мазар тилкесинде жер көчкү түштү
- 2 года мурун
Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы алдын ала маалымат боюнча Сары-Челек айыл аймагынын Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчкү түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинен 1 адис жөнөтүлгөн.
Алардын маалыматына ылайык жар көчүп түшкөн. Көчкүнүн көлөмү болжол менен 600 метр кубду түзүп, унаа жолуна жеткен. Айыл элине, турак жайларга, мал-мүлккө зыяны тийген эмес.
Муну бөлүшүү




