«Сапаттын» кайсы мектептери министрликке өттү?

  • 10 месяцев мурун

«Сейтек STEM», «Акылтай» жана «Индиго Сапат» менчик мектептери Агартуу министрлигинин карамагына өттү.

Бул тууралуу министр Догдуркүл Кендирбаева журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Министр бул мектептер мурдагыдай эле иштей берерин, окуу процесси үзгүлтүккө учурабай турганын билдирди.

Ошол эле учурда министрдин айтымында, алар жеке менчик мектептер бойдон калып, өз алдынча иштешет, министрлик окуу акысына кийлигишпейт.

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, «Сейтек STEM» жеке мектеби 2023-жылдын сентябрь айында кайра каттоодон өткөн.

«Акылтай » мектеби 2017-жылы кайра каттоодон өткөн. Мурдагы «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин алдында болгон.

2024-жылдын декабрында Кыргызстандагы «Сапат» билим берүү мекемеси Түркиянын «Маариф» фондуна өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты