Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды 

  • 11 месяцев мурун

Кечээ, 1-сентябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы консулдуктун консулдук округуна Карелия, Коми Республикаларынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактары кирет.

Жогорудагы консулдук округда жүргөн жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтын бардык түрлөрү боюнча Башкы консулдукка кайрыла алышат.

Башкы консулдук төмөнкү даректе жайгашкан: Санкт-Петербург шаары, Верейская 9 көчөсү (метро станциялары: Пушкинская жана Технологический институт).

Телефон: +78124182422

Ыкчам байланыш телефону: +78124182422

Электрондук дареги: [email protected].

Жарандарды кабыл алуу күн сайын Эмгек кодексинде жана Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген жумушчу күндөрү (дүйшөмбү-жума) саат 09:00дон 13:00го чейин жана 14:00дон 18:00го чейин жүргүзүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты