Санариптик эс-тутум: Кино дүйнөсүндөгү кыргыз аялдары тууралуу интернет эмнелерди билет?
Мындан эки жыл мурун капыстан “Айымдар кино тартат” подкастын угуп калдым. Чыгарылыштардын биринде кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова менен алып баруучу Асел Жураева кыргыз киносундагы аял режиссерлор тууралуу маектешет. Маекте менин көңүлүмдү өзгөчө бурган нерсе “кыргызстандык алгачкы профессионал режиссер Фатима Мамуралиева аттуу аял болгон” деген маалымат болду.
Бул ысымды мен биринчи жолу угуп жаткам. Подкасттан кийин интернеттен Фатима Мамуралиева тууралуу маалымат издеп, бир сүрөтү бар чакан материалды гана таба алдым.
Ошондо менде “эмне үчүн кыргыз киносундагы аялдардын ысымдары кеңири аудиторияга белгилүү эмес?”, “алар тууралуу эмне үчүн интернетте маалымат аз?” деген суроо пайда болду.
Кийинчерээк изилдөөнүн жүрүшүндө бул аялдар кино чөйрөсүндө унутта калган адамдар эмес экенин түшүндүм. Алар тууралуу кесиптик чөйрөдө билишет, архивдерде маалыматтар бар. Бирок алардын эмгеги тууралуу сөз көбүнчө тар чөйрөдө калып, кеңири аудиторияга жана санарип мейкиндикке сейрек жеткендей.
Бүгүнкү күндө “Кыргызфильм” киностудиясы ТИКАнын колдоосу менен советтик доордо тартылган кыргыз тасмаларын, анын ичинде аял режиссерлордун эмгектерин санариптештирип, Ютуб-каналына жарыялап келет. Андан сырткары, айрым режиссер айымдардын жакындары алардын эмгектерин, өмүр баянын жана архивдик материалдарын чогултуп, өз демилгеси менен санарип архивдерди түзүшүүдө.
Анткен менен кыргыз киносунун калыптанышына жана өнүгүшүнө катышкан режиссер, монтажчы, үн режиссеру жана башка багыттарда иштеген аялдар тууралуу маалыматтарды бир жерге топтоп, кеңири аудиторияга жеткирген комплекстүү демилгелерди таба алган жокмун.
Ал эми негизги маалымат булагы интернетке айланган бүгүнкү шартта санарип мейкиндикте кайсы ысымдар, тасмалар жана маалыматтар жеткиликтүү экени кыргыз кино тарыхын кандай таанып-билип жатканыбызга таасир этет эмеспи.
Бул материал кыргыз кино тарыхындагы ошол аялдардын айрымдары, алардын тандаган жолу жана кино өнөрүнө кошкон салымы тууралуу баяндайт.
Фатима Мамуралиева: башат жана эне тил
“Кыргызфильмдин” аннотацияланган каталогундагы маалыматка ылайык, Кыргызстан тууралуу алгачкы киносюжеттер жана тасмалар 1920-жылдардан баштап жарыкка чыга баштаган. Бирок алар Советтер Союзундагы башка республикалардын киностудиялары тарабынан тартылып келген. Мисалы, 1927-жылы “Өзбеккино” студиясы Кыргызстанда алгачкы толук метраждуу “Жабык араба” (“Крытый фургон”) көркөм тасмасын жараткан.
Ал эми жергиликтүү киностудия 1941-жылы 17-ноябрда түптөлгөн. Бул күн бүгүн кыргыз киносунун күнү катары белгиленип келет.
Кинотаануучу Каарман Ашимов 1950-жылдары киностудияга атайын билим алган жаштар келип, кыргыз киносу жаңы баскычка көтөрүлө баштаганын жазат. Ал Кыргызстандагы диплому бар алгачкы кесипкөй режиссерлор аялдар болгонун дагы белгилейт. Алардын туңгучу Фатима Мамуралиева эле.
Фатима Мамуралиева 1924-жылы Ысык-Көлдүн Талды-Суу айылында төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Москвадагы Орусия театралдык искусство институтунун (ГИТИС) кыргыз студиясында билим алган. Андан соң Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун (БМКИ) режиссердук факультетине тапшырып, кино жаатында билим алган алгачкы кыргызстандык болгон.
Эмгек жолун Фрунзе кинохроника студиясында баштаган Мамуралиева адегенде тартуу тобунда режиссердун жардамчысы болуп иштеген. Кийин “Советтик Кыргызстан” киножурналынын* үстүндө эмгектенген режиссерлордун катарына кошулган.
*Киножурнал — бул советтик мезгилде кинотеатрларда негизги тасманын алдында көрсөтүлгөн кыска кино чыгарылыш. Анда өлкөдөгү өндүрүш, маданият, коомдук турмуш жана башка тармактардагы жаңылыктар тууралуу бир нече сюжет камтылган.
Киножурналдан тышкары Мамуралиева 1956-жылы “Ак жол” (“В добрый путь”) аттуу өзүнүн даректүү тасмасын тарткан.
1960-жылдары ал дубляж бөлүмүнө өтүп, СССРдин башка республикаларында жана чет өлкөлөрдө тартылган тасмаларды кыргызчалатууга катышкан. Ошентип Фатима Мамуралиева карьерасын үн коштоо режиссеру катары уланткан.
Кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова Фатима Мамуралиева баштаган аял режиссерлордун чыгармачылык жолун “Кыргызфильмдин” ошол кездеги шартынан бөлүп кароого болбойт деп эсептейт. Анын айтымында, студиянын техникалык жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, толук метраждуу фильмдер сейрек тартылып, режиссерлор өз кезегин көпкө күтүшкөн.
Төлөмүшова Фатима Мамуралиеванын үн коштоо тармагына өтүшүн “туура тандоо” катары баалайт. Анын пикиринде, Мамуралиева кино тармагындагы реалдуу жагдайды түшүнүп, туруктуу иштей турган багытты тандаган.
“Кыргызфильм” СССРдеги эң жаш киностудиялардын бири болгон, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү дагы чектелүү болчу. Даректүү, кыска метраждуу тасмаларды эске албаганда, жылына бир гана толук метраждуу тасма тартылган. Мындай шартта режиссерлор кино тартуу үчүн жылдап кезек күтүп отурушчу. Ал эми Фатима Мамуралиева дубляжга кетип, абдан туура чечим чыгарган. Ал күн сайын жумушка барып, иштеп, туруктуу айлык алып турган”, — дейт кинотаануучу.
Гүлбара Төлөмүшова Фатима Мамуралиеванын бүгүнкү күндө көпчүлүккө таанымал болбогонун жана ал тууралуу санарип мейкиндикте маалыматтын аздыгын анын режиссер катары көп фильм тартпаганы менен байланыштырат. Мамуралиеванын негизги режиссердук иши катары “Ак жол” даректүү тасмасы айтылат. Бирок ал тасма бүгүнкү күндө ачык булактарда жок.
“Ак жол” — анын биографиясындагы жалгыз режиссердук иши. Бирок аны биз көргөн жокпуз. Балким, тасма окуу жайдын архивинде бардыр. Аны дагы издештириш керек. Биз Кыргызстанда тартылган бир канча фильмди Орусиядагы архивдерден алып келгенбиз”, — дейт Төлөмүшова.
Фатима Мамуралиеванын аты бүгүн эл арасында кеңири белгилүү болбогону менен, Кыргызстандагы алгачкы кесипкөй режиссер катары анын чыгармачылык жолу кыргыз кино тарыхы жана кыргыз тилиндеги үн коштоо тармагынын калыптанышы менен тыгыз байланыштуу.


Лиля Турусбекова: адамдар жана тарых
Кыргыз киносунун башатында турган режиссерлордун бири — Лиля Турусбекова. Ал БМКИтин режиссердук факультетин 1955-жылы аяктаган. Окуусун аяктап келери менен “Кыргызфильм” киностудиясында даректүү тасмаларды тарта баштаган.
Лиля Турусбекова өзүнүн эмгек жолунда (1956-1992-жылдар аралыгы) 32 даректүү тасма жараткан жана “Советтик Кыргызстан” киножурналынын 60тан ашык чыгарылышын даярдаган. Ошентип Кыргызстандын 36 жылдык тарыхын ал өз кадрларында сактап калган.
Лиля Турусбекованын кызы Асель Даниярованын пикиринде, режиссердун эмгектеринин негизги баалуулугу — аларда бүтүндөй бир доор сакталып, ошол доордогу өлкөнүн жашоосу толук чагылдырылганында.
Мисалы, анын тасмаларында Суусамырдагы “Төө-Ашуу” туннели жаңы бүтүп, алгачкы ирет үйүр жылкыны айдап өткөн учур, Нарын каскадынын курулушунун башталышы жана башка өлкөдөгү маанилүү окуялар менен жаңылыктар чагылдырылган.
Эң негизгиси — Лиля Турусбекова тасмаларында адамдар тууралуу баяндап, алар аркылуу ошол доордун жүзүн көрсөткөн.
“Лиля Турусбекованын кадрларында бүтүндөй бир доор сакталып калды. Албетте, ал бир нерсени ачык сындап же белгиленген алкактан чыгууга болбой турган мезгилде жашады. Бирок ал саясаттан алыс болуп, эң башкысы адамдар тууралуу чын дилден тарткан. Ал адамдардын баары — биздин тарых. Ошондуктан бул кадрлар абдан баалуу”, — деп эскерет кызы Асель Даниярова.
Ал режиссердун “Алар Тянь-Шанда төрөлгөн” даректүү фильмин мисалга келтирип, советтик бийликтин 40 жылдыгына арналган бул тасмада режиссер өлкөнүн экономикалык жана маданий жетишкендиктерин жөн гана тизмектеп койбостон, конкреттүү адамдардын тагдырларын баяндаганын белгилейт.
Кинотаанучу Гүлбара Төлөмүшова айтымында, бул тасма чет өлкөлүк көрүүчүлөргө көрсөтүлгөн алгачкы кыргыз даректүү фильмдеринин бири болгон.
Режиссер өлкөдө болуп жаткан жаңычылдык же өнүгүүнү гана тасма кылып тартпастан, коом үчүн маанилүү болгон маданий жана тарыхый темаларга дагы кайрылган. Алардын бири — “Манас” эпосуна арналган алгачкы фильмдердин бири “Улуу эпос” (“Великий эпос”) тасмасы. Ал 1962-жылы тартылган.
Асель Даниярова дагы, Гүлбара Төлөмүшова дагы тасма жаралган мезгилдин тарыхый контекстине көңүл бурушат. Себеби, советтик доордун айрым мезгилдеринде “Манас” эпосунун мазмуну “буржуазиялык улутчулдукту камтыйт” же “туура эмес идеологияны үгүттөйт” деген негизде сынга кабылып, анын айланасында саясий талкуулар жүрүп турган.
“Манас” эпосу дайыма эле улуу чыгарма катары кабылданган эмес. Анын тарыхы өтө оор болгон. Бирде ага тыюу салынып, бирде уруксат берилип, айтор, мамлекеттик деңгээлде ар кандай мамиле жасалган. Ошол учурда биздин окумуштуулар менен интеллигенция эпосту коргоп чыгып, ал үчүн күрөшкөн. Менин апам дагы ошол кезде эпос тууралуу тасма тарткан”, — деп эскерет Даниярова.
Ал Лиля Турусбекованын кандай гана окуяны же теманы чагылдырбасын, эч качан тасмаларында жасалмалуулукка жана ашыкча драматизацияга умтулуу болбогонун дагы белгилейт. Буга мисал — “Ата-Бейит” тууралуу алгачкы фильмдердин бири “Күлдөн кайра жаралгандар” (“Воскресшие из праха”) тасмасы. Тасма 1992-жылы — Чоң-Таштагы көмүскө көрүстөн ачылып, сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү табылгандан көп өтпөй тартылганына карабастан, режиссер андан сенсация жасаганга аракет кылган эмес.
“Ата-Бейитте” табылган дээрлик бардык сөөктүн өздүгү аныкталды. Бул уникалдуу окуя жана, албетте, сенсация үчүн жакшы материал болчу. Бирок Лиля Турусбекова тасмасында буга эч кандай басым жасаган жок. Ал жөн гана репрессия курмандыктарынын туугандары менен маектешкен. Алар жакынын жоготкондо башынан өткөргөн оор кайгысы тууралуу айтып беришкен. Башкача айтканда, режиссердун фокусу кандайдыр бир эффект жаратууда эмес, адамдарда болгон”.
Маркум режиссер Геннадий Базаров дагы Лиля Турусбекованын тасмаларын “ашыкча ажиотаж жасалбай, көкүрөккө ургулабай эле терең ойлонуштурулуп жасалган эмгек” деп сүрөттөгөн.
Режиссердун эмгектерин бүгүнкү күндө санарип мейкиндикте “Кыргызфильм” киностудиясынын Ютуб-каналынан жана Асель Даниярова негиздеген “Санжарбек Данияров” фондунун сайтынан табууга болот. Ал жерде Лиля Турусбекованын тасмаларынан тышкары, архивдик сүрөт, видеолору, режиссер тууралуу жазылган жана тартылган материалдар дагы бар.








Клара Юсупжанова: көркөм манифест
Кыргыз документалдык киносуна өзгөчө автордук көз караш алып келген Клара Юсупжанова алгач актриса катары таанылган. Ал режиссер Лариса Шепитьконун “Аптап” тасмасындагы Калипанын ролу аркылуу кино дүйнөсүнө келип, жалпы онго жакын тасмага тартылган.
Кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшованын айтымында, Юсупжанова экранда ар башка мүнөздөгү образдарды жарата алган актрисалардын бири болгон.
Бирок Клара Юсупжанова өзү тасма тартууну кыялданган. Анын режиссерлукка кандайча келгенин кызы Жамбы Жусубалиева Тыныстан Темиржандын “Клара” даректүү тасмасында минтип эскерет:
“Кино — бул бир далай жагдайлардын жыйындысы. Ар кыл режиссерлор, кино өндүрүшүндөгү маанай, көрүүчүнүн талабы, жадакалса өлкөдөгү идеология. А Кларада — жашоо менен чыгармачылыкка өз көз карашы бар, эрктүү, күчтүү аялда — ойлорун өз тасмаларында чагылдырып, өзүнчө тасма жаратуу каалоосу бар эле”.
Ошентип 1968-жылы ал Москвадагы режиссерлор менен сценаристтердин жогорку курсуна тапшырып, эки жылдан кийин “Кыргызфильмге” кайтып келет. Бул жерде ал “Советтик Кыргызстан” киножурналынын чыгарылыштарын жана өзүнүн даректүү тасмаларын тарта баштайт.
Гүлбара Төлөмүшова Клара Юсупжанова режиссер катары өзгөчө көз карашы менен айырмаланганын белгилейт. Анын пикиринде, режиссер күнүмдүк жашоодогу жөнөкөй көрүнүштөрдөн көркөм образ жарата билген. Буга мисал катары ал Юсупжанованын “Чабан жана туман” тасмасын келтирет.
“Клара Юсупжанова бул тасмада өзгөчө көркөм чечим тапкан. Ал туманды экинчи башкы каарманга айландырган. Чабан Таштанбектин күнүмдүк турмушун байкап жүрүп, туман бул жерде дайыма коштоп жүргөн көрүнүш экенин түшүнгөн режиссер аны жандуу образ катары көрсөтүүнү чечкен. Натыйжада туман өзүнүн мүнөзү бар каарманга айланган: ал кээде таарынып, кээде эркелеп, кээде кайра жумшарып жылмайып тургандай сезилет”, — дейт Төлөмүшова.
Юсупжанованын тасмаларындагы мындай поэтикалык жана образдуу визуалдык тилди анын башка замандаштары дагы бөлүп көрсөтүшөт.
Режиссер Темир Бирназаров “Клара” даректүү тасмасында анын стилин мындайча сүрөттөйт:
“Даректүү фильмди адабияттын тили менен айтканда проза десек болот. Ал эми прозада “поэтикалык тил” деген түшүнүк бар. Ошол поэтикалык тил менен даректүү тасма тартуу өтө оор. Клара эженин тасмалары кыргыз киносунда дал ошол поэтикалык тили менен айырмаланып турат”.
Клара Юсупжанова режиссер катары “Оштук тигүүчүлөр (“Ошские ткачихи”), “Саламатсыңбы, жайлоо”, (“Здравствуй, джайлоо”), “Кымыз” (“Кумыс”), “Чабан жана туман” (“Пастух и туман”), “Шаар”, (“Город), “Жолборс жайлоодо эки уйду жарып салды” (“Тигр задрал двух коров на джайлоо”), “Өрөөн жана адамдар” (“Долина и люди”) даректүү тасмаларын жараткан.
Он жылдан ашык даректүү кино тармагында иштегенден кийин, 1980-жылдардын аягында ал өзүн көркөм кинодо дагы сынап көрүүнү чечип, “Аэроплан” фильмин тартууга киришет. Тасманын үстүндө эки жылдай иш жүргөнү менен, 1990-жылдардын башында СССР кыйрап, Москва каржылоону токтотконуна байланыштуу фильм аягына чыкпай калган.
Режиссер Эрнест Абдыжапаровдун айтымында, “Аэроплан” кыргыз киносундагы өзгөчө эксперименталдык тасмалардын бири болмок.
“Тасмада сюрреализм бар эле. Сальвадор Далинин эрип жаткан сааттары сыяктуу образдар колдонулган бул тасма жашоо-турмушту башкача көз караш менен көрсөтмөк. Бир эле учурда азыркы учур менен жарандык согуш мезгилиндеги окуялар айкалышкан чоң долбоор болчу”, — дейт Абдыжапаров.
Клара Юсупжанованын даректүү тасмалары кийин эл аралык кинофестивалдарда Борбор Азия ретроперспективасы категорияларында көрсөтүлгөн.
Бүгүн анын тасмалары “Кыргызфильмдин” Ютуб-каналынан көрүүгө болот. Ал эми кызы Жамбы Жусубалиеванын авторлугундагы “Клара Юсупжанова” китеби режиссердун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу кеңири маалымат берет.






Ракыя Шершенова: көрүнбөгөн эмгек
“Алыскы 1959-жылдын 1-июлунда киностудияга келдим. Анда таажездем редактор болуп иштечү. Тоголок Молдо көчөсүндөгү бир кабаттуу кичинекей имаратта жайгашкан киностудияда үч цех бар эле: үн жазуу, лаборатория жана монтаж цехи. Шаршен Усубалиевич (ред. — Шаршеналы Усубалиев — киностудиянын ошол кездеги директору) “мына, бизде үч цех бар, кирип карап көр, кайсынысы жакса, ошол жерде иштейсиң” деди”, — деп эскерет Ракыя Шершенова студиядагы алгачкы күнүн.
Он жети жаштагы Ракыя студиянын бөлмөлөрүн аралай басып жүрүп, “монтаж цехи” деген бөлмөгө киргенде эки аял отурган болот. Алардын бири монтажчы Алмаш Абдраева “бизге кел, сага бардыгын үйрөтөм” деп аны чакырат. Мындай жылуу тосуп алууну сезген Ракыя монтаж цехинде иштеп көрүүнү чечет. Кийинки алтымыш жыл ичинде ал алтымыштан ашык тасманын монтажын жасап, өзү дагы бир нече тасмага режиссерлук кылган.
Ракыя Шершенованын тарыхы советтик доордогу кыргыз киносунун бир кызыктуу жагдайын көрсөтөт: даректүү фильм болобу, көркөм тасма болобу, монтажда жалаң аялдар иштеген.
Киностудиясынын фильмдеринин аннотацияланган каталогунда монтажерлор көрсөтүлгөн 1991-жылга чейин тартылган тасмаларды карап чыгып, алардын 97%ында монтаж аялдардын колунан чыкканын аныктадык.
Ракыя Шершенова өзү иштеген маалда монтаж бүгүнкүдөн кыйла айырмаланып, кылдаттыкты жана чыдамкайлыкты талап кылган механикалык жумуш болгонун айтат.
“Ал кезде бардыгын колго жасачубуз. Тартылып келген материалды монтаж столунда көрүп чыгып, ар бир кадрдын эң жакшы дублдарын белгилеп алчубуз. Андан кийин пленканы кесип, керектүү бөлүктөрүн кайра кол менен бириктирчүбүз. Сүрөт менен үн өзүнчө жазылгандыктан, монтаж маалында ар бир сөздү актердун эрин кыймылына тууралап, үндү сүрөткө дал келтирүүгө туура келчү”, — деп эскерет ал.
Мындан тышкары, тартуу тобунун курамында монтажчылар айлап иш сапарында жүрүшкөн. Ракыя Шершенованын айтымында, ал мезгилде “Кыргызфильмдин” техникалык базасы начар болгондуктан, тасма тартылгандан кийинки айрым иштер Казакстандагы, Өзбекстандагы, ошондой эле Ленинграддагы (азыркы Санкт-Петербург) жана Москвадагы студияларда аткарылган. Ошондуктан кыргызстандык киночулар сыртка байма-бай каттап турууга мажбур эле. Монтаж кызматкерлери да бул иштер аяктаганча бир канча айлап үйүнөн алыста жүрүшкөн.
Ракыя алгачкы жолу иш сапары менен 1961-жылы Москвага барып, ал жерде жети ай жүргөнүн эскерет. Бирок анын айтымында, студиянын системасында монтажчы чыгармачыл топко карабай, техникалык кызматкер катары саналган.
Ал эми Ракыя өзү монтажды тартылган материалга жаңы маани берип, аны бүтүн чыгармага айланткан чыгармачыл процесс катары көрөт.
“Тартуу өзүнчө, монтаж өзүнчө тарых. Экөөнү салыштырууга болбойт. Тартылган материал — болгону чийки зат. Ал эми монтаж ошол материалды логикалык жактан кайра ойлонуп чыгуу, көркөм чыгармага айлантуу. Ошондуктан мага тартуу процессине караганда монтаж кызыгыраак болчу.
Көркөм фильмде сценарий, диалог, окуянын өнүгүшү бар. Ал эми даректүү тасмада ар бир кадр өзүнчө жашайт. Монтаж учурунда ошол кадрлардын ар бирине өз ордун табыш керек”, — деген ал “Анын аты Ракыя” тасмасында.
Институционалдык деңгээлде монтажчы техникалык кызматкер катары саналганы менен, Ракыя менен иштешкен режиссерлор үчүн анын ой-пикири баалуу болгон. Ал тургай тасма тартылып жаткан учурда кеңеш алуу үчүн аны жүздөгөн чакырым алыстан чакыртып алышкан.
“Альгис (ред. — режиссер Альгимантас Видугирис) “Аялсыз эркектер” тасмасын Караколдо тартып жаткан. Бир күнү телефон чалып, “Раячка, бул жакка келбесең болбойт, сени менен кеңешишим керек” деди. Мен ал учурда автокырсыкка кабылып, жамбашым сынган эле, алыс жол жүрө албайт болчумун. Бирок Альгис аябай сурангандыктан, айла жок жолго чыгууга туура келди. Караколго чейин жолдун жарымынан көбүн туруп бардым”, — деп эскерет ал.
Ракыя кадр жана негизги үндөн тышкары, тасманы коштоочу музыка жана башка эффекттердин бардыгын абдан кылдаттык менен тандаганын, ошол себептен аны кесиптештери тамаша-чыны аралаш “элек” деп атап коюшканын эстеп күлөт.
Ишине болгон мындай берилгендикти жана сүйүүнү байкаган коңшу өлкөлөрдүн студиялары Ракыяны бирге иштешүүгө чакырышкан. Ошентип ал он жылдай “Тажикфильмде”, ал эми “Өзбекфильм” менен “Казакфильмде” бир канча тасманын үстүндө иштеген.
Ракыя Шершенова өзү монтаждаган “Өзбекфильмдин” тасмаларынын бири союздук экранга чыкканын сыймыктануу менен эскерет. Союздук экранга СССРдин бардык республикаларынан мыкты тасмалар тандап алынып, бүткүл өлкөгө көрсөтүлгөн. Ошондуктан ал жакка чыгуу киночулар үчүн чоң жетишкендик катары эсептелген.
“Кыргызфильмде” Ракыя Шершенова монтажын жасаган 15тен ашык тасма союздук экранда көрсөтүлгөн. Алардын арасында Мелис Убукеевдин “Тайгак кечүү”, Төлөмүш Океевдин “Бакайдын жайыты”, “Кызыл алма”, “Уркуя”, “Улан”, Альгимантас Видугиристин “Аялсыз эркектер” тасмалары бар.
Бул тасмалардын көбү “Кыргыз керемети” деп аталган феномен калыптанган мезгилде тартылган. Кинотаануучу Султан Усувалиев “Кыргыз керемети” түшүнүгү алгач 1950–60-жылдардагы кыргыз документалдык киносуна карата колдонулганын жазат. Кийинчерээк бул аталыш кеңири мааниге ээ болуп, 1960–70-жылдардагы көркөм жана документалдык тасмаларды, ошондой эле Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы менен байланышкан кинону да камтый баштаган.
Анткен менен бүгүн “Кыргыз керемети” тууралуу сөз болгондо көбүнчө бир нече белгилүү режиссердун аты айтылып, алардын тасмаларынын акыркы көркөм формасын түзүүгө катышкан Ракыя Шершенова сыяктуу монтажчылардын ысымы дээрлик аталбайт.
Изилдөөчү Рахат Асангулова “Кыргыз керемети” түшүнүгүн кайрадан карап чыгууга убакыт келгенин айтат. Анын пикиринде, бул түшүнүк негизинен жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жана режиссерлор Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевдин айланасында калыптанып, кино тармагында иштеген башка адамдарды көлөкөдө калтырып келет.
“Мен алардын тасмалары жаман же өздөрү улуу адамдар эмес деп айтпайм. Маселе башкада — алардын артында башка адамдар көрүнбөйт. Анын ичинде аял режиссерлор, документалисттер жана башка жанрларда иштеген авторлор”, — дейт изилдөөчү.




Динара Асанова: мезгилге жана аймакка байланбаган талант
Бул материалдагы башка каармандардан айырмаланып, Динара Асанова Кыргызстанда эмес, Орусиядагы “Ленфильм” киностудиясында иштеген. Балким, ошол себептен анын ысымы кыргыз киносу тууралуу сөз болгондо сейрек аталат. Бирок кыргыз тектүү режиссер советтик кинонун эң өзгөчө авторлорунун бири болгон.
Динара Асанова киного бала кезинен кызыккан. Кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова режиссердун эжеси Клара Асанованын эскерүүлөрүнө таянып, анын балалыгы Советтер Союзундагы “жылымык” дооруна туш келгенин, ал жылдары өлкөдө италиялык жана француз тасмаларынын жумалыктары өтүп, чет өлкөлүк кино көрүүгө мүмкүнчүлүк көбөйгөнүн айтат. Мындай жагдай Динаранын киного кызыгып калуусуна себеп болгон. Ал ошондо эле белгилүү актерлорду жатка билип, ал тургай өзү жашаган короодогу балдарды чогултуп алып чакан спектаклдерди коюп, аларга режиссерлук кылган.
Мектепти аяктагандан кийин Динара Асанова “Кыргызфильмде” реквизитор жана режиссердун жардамчысы болуп иштеген.
Эки жылдан кийин Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (БМКИ) режиссерлук адистик боюнча тапшырып, билим алган. Дипломдук иши катары “Рудольфио” кыска метраждуу тасмасын тарткан. Бирок анын айланасында талаш-тартыштар болуп, дипломдук ишин эки жылдан кийин гана жактаган.
Динара Асанованын эмне себептен өз мекенинде эмес, “Ленфильмде” иштеп калганы боюнча түрдүү пикирлер бар.
Режиссер тууралуу Орусияда тартылган даректүү тасмалардын биринде ага “Кыргызфильмде” режиссердун ассистенти катары иш сунушталгандыгы айтылат. Бирок Гүлбара Төлөмүшова бул пикирге кошулбайт. Анын айтымында, Асанова окуусун аяктап келген учурда “Кыргызфильмде” режиссерлордун саны көбөйүп калган, тасма тартуу үчүн ага кезек көптө келиши мүмкүн болчу. Ошондуктан жаш режиссер кырдаалды өзү байкап, “Ленфильмге” кетүүнү чечкен.
“Эч ким аны кысмакка алган эмес. Динара жагдайды өзү түшүнгөн. Ал кезде Океев, Шамшиев сыяктуу режиссерлор иштеп атышкан. Башка жаш режиссерлор дагы окууну бүтүп келе башташкан. Ал эми киностудиянын мүмкүнчүлүгү чектелүү болчу. Динара ошонун баарын байкап, чыгармачылык жолун башка жактан издөө керек экенин түшүнгөн”, — дейт Төлөмүшова.
Анткен менен “Ленфильмге” баргандан кийин эле анын алдында бардык эшиктер ачыла калган эмес. Ал бир канча жыл тасма тартуу үчүн мүмкүнчүлүк күтүп отурган.
Акыры “Ленфильмдин” редактору Фрижетта Гукасян Асанованын дипломдук иши “Рудольфио” тасмасын эстеп, режиссерду жаңы долбоорго чакырган. Төлөмүшованын айтымында, Гукасян Динаранын үн-сөзү аз, бирок таланттуу режиссер экенин ошол студент кезинде тарткан тасмасынан эле байкаган болушу мүмкүн.
Ошентип Динара Асанова 1973-жылы, окуусун бүткөндөн 5 жыл өткөндөн кийин алгачкы толук метраждуу “Тоңкулдактын баш оорубайт” (“Не болит голова у дятла”) тасмасын тарткан. Андан кийин ал дээрлик жыл сайын бирден тасма жаратып турган.
Кинотаануучу Төлөмүшованын айтымында, режиссердун ар бир жаңы эмгеги мурункусунан татаалыраак болуп, чыгармачылык жактан дайыма өсүп турган:
“Динаранын чыгармачылыгы дайыма өйдө карай өнүккөн. Көп режиссерлор эң мыкты тасмасын карьерасынын башында тартып, кийин төмөндөп кете берет. Ал эми Динарада тескерисинче болчу. Мисалы, анын акыркы тасмасы — “Сүйкүмдүүм, кымбатым, сүйүктүүм, жалгызым” (“Милый, дорогой, любимый, единственный”). Тасманын басымдуу бөлүгү автоунаанын ичинде тартылган. Санкт-Петербургдун кышын эске алганда бул өтө оор жумуш болгон. Бирок тасманы бир дем менен көрөсүң”.
Дал ушул себептен улам Гүлбара Төлөмүшова Динара Асанованы кыргыз тектүү эң таланттуу режиссер деп эсептейт.
Ал Асанованын дагы бир өзгөчөлүгү катары анын коомдогу өзгөрүүлөрдү эрте байкай билгенин белгилейт.
Анын пикиринде, режиссер жаштар арасындагы агрессияны, четке сүрүлгөн өспүрүмдөрдүн көйгөйлөрүн жана коомдо жаңыдан пайда болуп жаткан көрүнүштөрдү башкалардан мурда экранга алып чыккан.
Мисалы, Төлөмүшова “Балдар” (“Пацаны”) тасмасында кийинчерээк постсоветтик мейкиндикте күчөгөн улутчулдук жана көчө зомбулугу сыяктуу көрүнүштөрдүн алгачкы белгилерин көрүүгө болорун айтат.
“Динара айрым нерселерди алдын ала көрө билгендей таасир калтырат. “Пацаны” фильминде көрсөтүлгөн нерселер кийин кеңири жайылган көрүнүш болуп кетти”, — дейт Төлөмүшова.
Изилдөөчү Рахат Асангулова Динара Асанова тасмаларында өз доорун чагылдырганы менен, алар арадан канча убакыт өтсө дагы түшүнүктүү жана актуалдуу бойдон калат деген пикирде. Себеби, режиссер өз фильмдеринде белгилүү бир убакытка, улутка же географияга байланбай, баарына түшүнүктүү адамдык сезимдер жана мамилелер тууралуу баяндаган.
“Динара Асанованын башкы темасы сүйүү болгон. Анын сүйүүгө болгон мамилеси дагы башкача эле. Бул дүйнөнү бөлбөгөн, тескерисинче адамдарды бириктирген сүйүү. Ошондуктан анын тасмаларын көргөндө каармандардын улуту башка экенин же тасма өткөн кылымда тартылганын сезбейсиң. Жөн гана каармандарга байкоо салып, алардын ой жүгүртүүсүнө таңданып отурасың”, — дейт изилдөөчү.
Динара Асанова адамдарга болгон сүйүүсүн жана дүйнөгө болгон мамилесин күндөлүгүндөгү акыркы жазуусунда дагы кыска, бирок таамай билдирген:
“Спасибо!
Все что я могу сказать за всю мою жизнь
Очень вас всех люблю!”
(“Рахмат!
Бүткүл өмүрүм үчүн айта алчу жалгыз нерсе
Баарыңарды абдан жакшы көрөм!”)
Режиссер 1985-жылы, 42 жаш курагында Орусиянын түндүгүндөгү Мурманск шаарында онунчу толук метраждуу “Бейтааныш аял” (“Незнакомка”) тасмасын тартып жаткан учурда көз жумган.
Салыштырмалуу кыска чыгармачылык жолунда Динара Асанова жалпы он тасма жараткан. Бүгүн аларды орусиялык онлайн-кинотеатрлардан жана YouTube платформасынан көрүүгө болот. Анын фильмдери көрүүчүлөр тарабынан дагы жогору бааланып, көпчүлүгүнүн рейтинги жети баллдан жогору.
Анткен менен советтик кино тарыхында өз орду бар режиссердун ысымы өз мекени Кыргызстанда кеңири белгилүү эмес.
Изилдөөчү Рахат Асангулова мунун себептеринин бири Асанованын тасмалары түздөн-түз кыргыз темасына арналбаганында деп эсептейт. Анын айтымында, режиссер фильмдеринде улуттук иденттүүлүктү атайын баса белгилебей, жалпы адамзатка түшүнүктүү темаларды көтөргөн.
“Эгер Кыргызстан дүйнөгө бир авторду тартуулаган болсо, мен үчүн бул — Динара Асанова. Ал улуттук жана географиялык чектерден чыгып кеткен автор. Анын тасмалары жалпы адамзатка таандык универсалдуу темалар жөнүндө болгондуктан, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун көрүүчүгө түшүнүктүү”, — дейт Асангулова.
Ошол эле учурда, изилдөөчүнүн пикиринде, режиссердун чыгармачылыгына болгон кызыгуу Кыргызстанда тар чөйрөдө болсо дагы абдан жогору.
“Менин “Көрөбүз” деген чакан киноклубум бар. Анын алкагында бир жолу Динара Асановага арналган жолугушуу өткөрдүм. Ал жолугушууда тасма көрсөтпөстөн, режиссердун чыгармачылыгы боюнча өзүм жасаган изилдөө тууралуу айтып бергем. Жолугушууга кыркка жакын адам келди. А иш-чара өзү мектептин чакан бөлмөсүндө эле өтмөк. Ошентип, киноклубдагы эң көп катышуучу дал ушул Динара Асановага арналган жолугушууда чогулган. Ошондуктан мен анын чыгармачылыгына адамдарды жасалма түрдө кызыктыруунун кереги жок деп ойлойм. Ага изденген адамдар өздөрү эле тартылат”, — дейт Асангулова.

















Эс-тутум жана өрнөк
Бул материалдын каармандары Фатима Мамуралиева, Лиля Турусбекова, Клара Юсупжанова, Ракыя Шершенова жана Динара Асановадан тышкары советтик доордо кино тармагында үн жаздыруу, костюм, грим, редактура сыяктуу башка багыттарда дагы аялдар эмгектенген. Алардын көбүнүн ысымдары тасмалардын титрлеринде же каталогдордо кездешкени менен, ким болгону жана кино өнөрүнө кандай салым кошкону тууралуу кеңири, системалуу маалыматтарды санариптик мейкиндиктен табуу кыйын.
Медиаэксперт жана киносынчы Жазгүл Ибраева архивдик маалыматтарды санариптештирүүнү бул аялдардын эмгегин көрүнүктүү кылуунун маанилүү, бирок алгачкы гана кадамы деп эсептейт. Анын айтымында, архивди санариптештирүү маалыматты сактап, кийинки изилдөөлөр үчүн база түзөт, бирок маалыматтын санарип мейкиндикте пайда болушу анын кеңири аудиторияга жетишине кепилдик бербейт.
“Архивдик материалдарды санариптештирүү айым кинематографисттердин көрүнбөгөн эмгегин потенциалдуу түрдө көрүнүктүү кылууга салым кошот деп ойлойм. Бирок бул иштер адамдардын атын санарип китепканага же каталогго чыгарып коюу менен эле чектелбеши керек. Биринчи кадам алардын атын алып чыгуу болсо, андан кийин ошол адамдар, алардын эмгектери тууралуу көпчүлүккө жеткиликтүү форматта дагы материалдар жасалышы керек”, — дейт Ибраева.
Анын пикиринде, кыргыз кино тарыхы жана анда эмгектенген адамдар тууралуу маалыматтарды жеткиликтүү форматта сунуштаса, азыркы көрөрмандарга кызыктуу болмок. Бирок Кыргызстанда мындай материалдарды даярдаган платформалар жана медиалар аз.
“Азыр Советтик Кыргызстандын киносун же болбосо 1990–2010-жылдары кыргыз киносунда болгон окуяларды иштеп чыгып, жалпы публикага сунсак, алар кызыгат деп ойлойм. Мисалы, көрөрмандар коммерциялык кино боюнча бизден дагы мыкты эксперт болушу мүмкүн. Анткени алар тасма көп көрүшөт, дайыма байкап жүрүшөт. Ошондуктан, менин оюмча, көмүскөдө калган маалыматтарды кайрадан алып чыгып, аларга тартууласа, кызыктуу болот. Бирок Кыргызстанда ошондой маалыматты тартуулаган платформалар жана медиалар өтө аз”, — дейт эксперт.
Ибраева мындай иш-аракеттердин мааниси тарыхый эс-тутумду сактоо менен бирге жаңы муунга өз тарыхынан үлгү ала турган адамдарды көрсөтүүдө экенин белгилейт. Анын пикиринде, Лиля Турусбекова, Динара Асанова же Ракыя Шершенова сыяктуу аялдардын тарыхы жаштар үчүн шыктануу булагы боло алат:
“Бул кайсы бир кыргыз киносун көрүп, келечекте мен дагы кино тарткым келет деген кичинекей кыздын кыялына таасир эте алат деп ойлойм. Кийинки муунду бизде ушундай адамдар болгон, алар ушундай эмгектерди жараткан деп шыктандыра алабыз”.
Сүрөттөр ачык булактардан жана материалдын каармандардын үй-бүлөлүк архивинен алынды. Башкы беттеги коллаж ЧатЖПТ ЖИнин жардамы менен жасалды.
Автор: Чынаргүл Жумабекова
Бул материал «Аялдар, укук жана өнүгүү боюнча Азия-Тынч океан форумунун» (APWLD) «Санариптешүү, феминисттик санариптик укуктар менен адилеттүүлүк» медиастипендиясынын алкагында даярдалды.




