Самбо боюнча улуттук курама команда Дүйнө чемпионатынан келишти

  • 8 месяцев мурун

14-ноябрда самбо боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Армениянын Ереван шаарында өткөн Дүйнө чемпионатынан мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Спортчуларды “Манас Эл аралык аэрпортунан Дене тарбия жана спорт департаментине каратшуу спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Эркин Уметалиев, Кыргыз Республикасынын самбо федерациясынын өкүлдөрү жана спортчулардын жакындары тосуп алышты.Белгилей кетсек, самбо боюнча дүйнө чемпионаты 10-13-ноябрь күндөрү өтүп, улуттук курама команда жалпы 5 медаль жеңди (1 алтын 1 күмүш жана 3 коло медаль). 88 килограмм салмак даражасында Жамалбек Асылбек уулу спорттук самбо боюнча Дүйнө чемпиону болду. Ал эми 64 килограмм чейинки салмактагылар арасында Белек Бараканов күмүш медалга ээ болду. Ошондой эле, 64 килограмм салмакта Саяк Бараканов, 09 килограмм жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов, 88 килограмм салмак даражасында Бектен Эркебай уулу коло медалдарды багындырышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты