Самаркандда ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземи өттү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларын тосуп алуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушул күндөрү Самаркандда ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлеринин кезектеги жолугушуусу өтүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Саммиттин катышуучуларын Самарканд туристтик борборунун Конгресс борборунда тосуп алды.

Салтанаттуу тосуп алуу жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин өлкө лидерлери тар курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн залга өтүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты