Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙдун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды

  • 2 года мурун

СССРдин жана Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү комузчу Самара Токтакуновага ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун жогорку даражадагы алтын медалы тапшырылды.

Сыйлыкты залкар комузчуга 11-майда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

ТҮРКСОЙ сыйлыгы Самара Токтакуновага апрель айында өткөн «Салттуу музыка күнүнүн» алкагында ыйгарылып, улуттук салтуу музыка өнөрүнө кошуп жаткан жигердүү салымы жана түрк дүйнөсүнүн маданиятын сактоого, өнүктүрүүгө кошкон бараандуу салымы үчүн тапшырылганы белгилүү болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты