Самара Токтакуновага “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 31-августта, Кыргызстандын эгемендик күнүндө президент Садыр Жапаров 31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мыкты делген инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Буга чейин эгемендик күнүнө карата Президент Садыр Жапаров бир катар инсандарга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” артыкчылык даражасын ыйгаруу, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Комузчу, СССРдин эл артисти Самара Токтакуновага “Эмгек баатыры”артыкчылык даражасы ыйгарылды. Ушундай эле “Эмгек Баатыры” артыкчылык даражасын Ош облусунун Ноокат районунун “Ноокат” билимканасынын уюштуруучусу жана жетекчиси Өмүрзак Мамаюсупов алды.  

Осмонакун Ибраимов 2-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды. Рыскелди Осмонкулов, Майрамбек Осмонов, Гүлзинат Суранчиева “Кыргыз Республикасынын эл артисти” наамын алды. Жазуучулар Александр Иванов, Арслан Койчиев “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” наамын алды.    

Сыйлангандардын толук тизмеси бул шилтемеде 12345678910

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты