Салык кызматынын райондук бөлүмүнүн башчысы ишкерлерден акча талап кылганга шектелип кармалды

  • 7 месяцев мурун

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы жеке ишкерлерден системалуу түрдө акча талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) каралган кылмыштын негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Базар-Коргон районунун базарларындагы жеке ишкерлерден салык инспекторлору тарабынан системалуу түрдө акча чогултуу боюнча коррупциялык схемага бөгөт коюлду. 11-январда соттун санкциясы менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын башчысы Д.К. кармалып, Кыргыз Республикасынын тергөө абагына киргизилди.

Ошондой эле Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын башчысы карамагындагы кызматкерлер ишкердиктин субъектилеринин арасында аныкталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн алардан туруктуу негизде акча алып жүргөндүгү аныкталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты