Салык кызматынын онлайн кызмат көрсөтүүлөрүн 550 миңден ашуун салык төлөөчү пайдаланууда

  • 2 года мурун

Жыл башынан бери 179 миң 345 салык төлөөчү Мамлекеттик салык кызматынын “Салык төлөөчүнүн жеке кабинети” сервисин пайдаланууга өттү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө онлайн салыктык кызматтарды 558 миң 500 жаран колдонууда. Анын ичинде 493 миң 331 жеке жак, 65 миң 169 юридикалык жак.

54 миң 223 салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен салык отчетун берүүдө.

Salyk.kg сервиси аркылуу жарандар отчетту, салык декларациясын онлайн тапшыра алат. Салыктарды, анын ичинде патент жана камсыздандыруу полисин төлөй алат. Ошондой эле арыз берип, маалымкаттарды алууга, салык кызматы менен кат алышууга мүмкүнчүлүгү бар.

Салык төлөөчү өзүнүн жеке кабинетине кирип, башка кызматтардан да пайдалана алат. Мисалы, бюджет менен эсептешүүлөрдүн абалы, салыктардын төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат, ИНН, акциздик марка боюнча маалымат алат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты