Салык кызматынын лотереясынын 3-утушунда 176 миңден ашык адам катышууда

  • 2 года мурун

Бүгүнкү «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын үчүнчү утушунда 18 млн 844 миң 542 лотереялык ID-билет менен 176 миң 896 адам катышууда. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Лотереянын катышуучулары «Салык чек» тиркемеси аркылуу 19,2 млрд сом суммасында кассалык чектерди сканерлешти.

Үчүнчү турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен 1 бир бөлмөлүү батир, 2 электромобиль, 12 даана iPhone 13, 11 смартфон, 26 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

Утуш бүгүн 15:00дө УТРК жана Ала-Тоо 24 телеканалдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты