Салык кызматынын лотереясынан 369 катышуучу четтетилди

  • 2 года мурун

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын шарттарын бузгандыгы үчүн 369 катышуучу лотереянын үчүнчү утушуна катышуу укугунан ажыратылды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Алар топтогон ID номерлердин бардыгы жокко чыгарылат.

Мындай чечим мекемелер аралык байкоочу комиссия тарабынан сканерден өткөрүлгөн кассалык чектерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Эске салсак, 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын 3-утушу өтөт. Утуш УТРК жана Ала-Тоо 24 телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook, YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты