Салык кызматына 65 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 17-майда Мамлекеттик салык кызматынын түзүлгөндүгүнүн 35 жылдыгына карата Бишкекте кызматтык унааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов, Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жана салык органдарынын кызматкерлери катышты.

Өз сөзүндө Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик колдоонун аркасында Салык кызматынын тарыхында биринчи жолу ата мекендик өндүрүштөн чыккан 65 даана «Chevrolet Cobalt» үлгүсүндөгү унаа алынганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул унаалар контрафакттык жана каттоого алынбаган товарларды аныктоого багытталган мобилдүү топтордун ишин жакшыртууга арналган.

«Бул кызматтык унаалар жетекчилер үчүн эмес, түздөн-түз мобилдүү топтордун эффективдүү иштешине жардам берүү үчүн берилди», — деди Шыкмаматов.

Ошондой эле, төрага буга чейин мунай продуктуларына болгон акциз салыгынан мамлекеттик бюджетке 3 млрд 700 млн сом болсо, учурда бул сумма 5 млдр 300 млн сомго жеткенин кошумчалады. Ал эми мунай трейдерлеринен 8 млрд сом түшкөн болсо, азыркы тапта бул көрсөткүч 12 млрд сомго чейин өстү. Бул ийгиликтер мамлекеттик көзөмөлдүн күчөшүнө, көмүскө экономиканын кыскарышына жана салыктык тартиптин жогорулашына байланыштуу экенин кошумчалады.

Иш-чаранын соңунда Салык кызматына кызматтык унаалардын ачкычтары расмий тапшырылды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты