Салык кызматы: жыл башынан бери 17 миңден ашуун ишкер ККМ колдонууга өттү

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери 17 миң 68 ишкер көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ) колдонууга өткөнүн маалымдады.

Салык кызматынын маалыматына караганда, өлкө боюнча 45 миңге жакын контролдук-кассалык машина колдонулуп жатат, анын ичинен 22 миңден ашууну аппараттык жана жарымы программалык ККМ.

Аппараттык ККМ – бул маалыматтарды онлайн өткөрүп берүү модулу бар фискалдык эстутуму менен кадимки кассалык аппарат. Программалык KKM – тиркеме түрүндө болот. Смартфонго, планшетке же компьютерге бекер орнотулат. Бул аппараттык ККМдин эң жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Керектөөчүлөргө чек берүү үчүн ишкерге чек басып чыгаруучу принтерин сатып алуу жетиштүү.

Программалык ККМди “Онлайн ККМ” тиркемеси аркылуу смартфонго жүктөп алууга болот. Аппараттык контролдук-кассалык машиналарды KKMди техникалык тейлөө борборлорунан алса болот. Мындай 14 борбор иштеп жатат.

Салык кызматы «Керемет Банк», «РСК Банк» жана «Айыл Банк» коюлган POS терминалы бар заманбап ККМди акысыз берип жатышканын белгилөөдө.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон. Документте көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу максатында ишкердик субъектилеринде жапырт көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жобосу камтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты