Салык кызматы: Патентти электрондук түрдө гана алууга болот

  • 1 год мурун

Мамлекеттик салык кызматы быйыл январдан тарта кагаз түрүндөгү патент жокко чыгарылганын, экономикалык ишти жүзөгө ашырууга патенттер электрондук түрдө гана таризделиши керек экенин билдирди.

Мындары ары патенттин негизинде иштеген жеке жактар жана ишкерлер электрондук патентти алуу жана узартуу иштерин Salyk.kg сайтындагы «жеке кабинетте» ишке ашыра алышат.

Ошондой эле банктар, терминалдар же мобилдик капчыктар аркылуу электрондук патент үчүн төлөм жүргүзүүдө “Электрондук патентти” тандап, E-патент системасы тарабынан түзүлгөн төлөм кодун киргизүүсү керек.

Мындан тышкары, салык төлөөчү электрондук патентти үчүнчү жактардын санариптик платформалары (коммерциялык банктар, мобилдик байланыш операторлору ж.б.) аркылуу тариздеп жана төлөй алат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты