Салык кызматы: мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 4,5 тоннадан ашык күйүүчү май кармалды

  • 7 месяцев мурун

Чүй облусунун Токмок шаарында 4,5 тоннадан ашык эсепке алынбаган күйүүчү май менен транспорт каражаттары кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, продукция тартып алынып, унаалар убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

Салык кызматы ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактоосун камсыздоо үчүн мунайзаттарды мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштерди улантып жатканын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты