Салык кызматы лотереянын жеңүүчүлөрүн алдап, акча алууга аракет кылган шылуундар тууралуу эскертти

  • 1 год мурун

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын жеңүүчүлөрүн алдаган шылуундар пайда болгонун эскертти.

Мекеменин маалыматына ылайык, оюндун биринчи этабында уткандарга телефон чалып, акча алдап алууга аракет кылгандар пайда болду.

«Лотерея жеңүүчүлөрүнө чалып, өздөрүн Салык кызматынын кызматкери же лотереянын оператору деп тааныштырып, куттуктап, утуп алган байгени алуу үчүн акча которууну суранган шылуундар пайда болду. Салык кызматы байгелер акысыз берилерин, мамлекеттик лотерея болгондуктан салык салынбай турганын билдирет. Ушуга байланыштуу сак болууга жана алдамчыларга ишенбөөгө чакырабыз. Эгер ушундай чалуу болсо, укук коргоо органына кайрылууңузду суранабыз. Учурда мекемелер аралык комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереянын шарттарына жана талаптарына жооп беришин текшерип жатат. Текшерүү аяктагандан кийин жеңүүчүлөгө сертификаттар тапшырылат«, — деп жазылат маалыматта.

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн. Анда 1200гө жакын байге ойнотулган. Анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик үч жолдомо болгон.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты