Салык кызматы ККМ колдонбогондордун лицензиясы алынып жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонбогон ишкерлердин лицензиясы тартылып алынып жатканы тууралуу айткандары чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматта салык органдарынын ККМ колбондогон ишкерлерлин лицензиясын артка чакыртып алууга ыйгарым укугу жок экени айтылат.

Салык мыйзамдарына ылайык, ККМди колдонбогону же бузулган аппаратты колдонгону үчүн ишкерге административдик айып салынат.

Салык кызматы лицензия талаптарын сактабагандыгы үчүн алкоголдук продукцияны саткан субъекттердин гана лицензияларын убактылуу токтотууга укуктуу.

Жогорку Кеңештин 2-июнданы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айрым аймактарда ККМ колдонбогон ишкерлердин лицензиясы тартылып алынып жатканын айтып чыккан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты