Салык кызматы электрондук рейддик салык контролун ишке киргизди

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы ноябрь айынан тартып «Электрондук рейддик салык контролу» системасын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Электрондук рейд жүргүзүү үчүн атайын салык режими бөлүгүндө контролдук иш-чараларга катышкан аймактык салык органдарынын кызматкерлери зарыл болгон техникалык талаптарга жооп берген 300 планшет менен камсыз болушту.

Электрондук рейд – борборлоштурулган жабык автоматташтырылган система, анда контролдук-рейддик иш-чараларды жүргүзүүдө зарыл болгон маалыматтар базасы жайгаштырылган. Системада бардык жүргүзүлгөн рейддик контроль жана тобокелдиктер жөнүндө маалыматтар сакталат, алардын негизинде рейддик текшерүүгө жаткан субъекттерди текшерүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Система тобокелдиктерди автоматтык түрдө эсептөөгө, керектүү маалыматтарды киргизгенден кийин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акт түзүүгө жана маалыматтарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда салык төлөөчү «электрондук графикалык кол тамга» же «eIDнин жардамы менен кол тамга» функциясы менен электрондук документке кол коё алат.

Мындан тышкары, рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө салык органдарынын кызматкерлери жеринде планшеттердин жардамы менен «Ишкердик субъекттердин дислокациясынын электрондук картасына» тиешелүү маалыматтарды (анын ичинде толуктоолорду/өзгөртүүлөрдү) киргизишет.

Электрондук рейдди колдонуу маалымат издөөгө же документтерди толтурууга кеткен убакытты кыйла кыскартат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты