Салык кызматы ЕАЭБден дары-дармек жана кондитердик азыктарды мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт койду

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери товарларды эсепке алуу пункттарында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден бир катар товарларды ташып келүүдө бузуу фактыларын белгилешти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Ош аэропортундагы товарларды эсепке алуу пунктунда 2,3 миллион сомго 39 куту дары-дармек каражаттарын, ал эми «Ак-Жол» контролдук-өткөрүү пунктунда 4,7 тонна кондитердик азыктарды мыйзамсыз ташып келүү токтотулган.

«Чоң-Капка» товарларды эсепке алуу пунктунда айдоочулары 40 тонна суперфосфат, 925 түрмөк ар түрдүү кездеме, 2408 куту кондитердик азык, 244 куту кара зире капсуласы жана 150 куту герметик алып өтүүгө аракет кылган унаалар кармалган.

Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө уруксат берүүчү документтер болгон эмес (товарларды импорттоо максатында салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты, коштомо кагаздары), коштомо кагаздагы көрсөткүчтөр импорттолуучу товардын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнө дал келген эмес.

Бузуулардын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мындан аркы чараларды көрүү үчүн мобилдик топко өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты