Салык кызматы алкоголсуз суусундуктарга 78 млн сомдон ашык акциз салыгын чогултту

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгын салуу башталган учурдан тартып 78,4 миллион сом чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Чогултулган суммадан өндүрүлүүчү продукцияга – 37,1 миллион сом акциз салыгын жана импорттолуучу продукцияга – 41,2 миллион сомду түзөт.

Эске салсак, 1-июлдан тартып ТЭИ ТН 2202 товардык позициясында классификацияланган сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды өндүрүү жана Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоо акциздик салык салынууга жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты