Салык кызматы алкоголдун жана тамекилердин ири партиясын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысын аныктады

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы салык контролунун жүрүшүндө алкоголдук продукциялардын жана тамекилердин ири партиясын мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Натыйжада жасалма акциздик маркалар менен жана тиешелүү лицензиясы жок 4 миң 705 бөтөлкө алкоголь, ошондой эле акциздик маркасыз чет өлкөдө өндүрүлгөн 2 миң 970 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлдү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты