Салык кызматы айрым кызматкерлердин салык декларациясын тапшыруусу үчүн акыркы бир жума калганын эскертти

  • 1 год мурун

Мамлекеттик салык кызматы юридикалык жактар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусу үчүн бир жума калганын эскертет.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, ата мекендик уюмдар, анын ичинде дыйкан жана фермердик чарбалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар салык декларациясын тапшырышы керек.

1-майга чейин салык декларациясын жеке жактар жана жеке ишкерлер тапшырууга милдеттүү.

Салык декларациясын өз убагында тапшырбаган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом жана мамлекеттик же муниципалдык кызматчыларга 3000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты